Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

23-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Бишкектеги аба ырайын маалымдоо борборунан алынган маалыматка караганда, 23-сентябрда республикада жаан-чачын болбойт. Түндүк-чыгыш тараптан айдарым жел жүрүп турат.

Абанын температурасы:
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз + 16…+21 градус жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында +8…+13, күндүз +19…+24 градус.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН аймактарында абанын түнкү температурасы +1…+6 градус, күндүз +14…+19 градустун айланасында жылуу болот.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG