Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

АКШдагы эл аралык конференцияга Кыргызстандан да өкүл катышты


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы бүгүн тараткан кабарга караганда, Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев АКШнын Кембридж шаарында өткөн «Экономикалык өнүгүү Каспий аймагындагы геосаясат» деп аталган эл аралык конференцияга катышып, сөз сүйлөдү. Өткөн аптанын этегинде өткөн бул конференцияда Каспий, Борбор Азия жана Чыгыш аймагынын саясий жана экономикалык өнүгүү абалы, келечеги талкууланды. Бул конференцияга Кыргызстандан тышкары Грузиянын, Ирандын, Түркиянын жогорку даражалуу жетекчилери, Армения, Британия, Кытай, Орусия, АКШ өңдүү мамлекеттердин, Европа Биримдигинин эксперттери катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG