Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 15 жыл толду


БИШКЕК. 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 15 жыл толот. Өлкө аймагында Кыргыз президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын чечими менен 27- сентябрга чейин тил жумалыгы өткөрүлөт. Учурда облус, район, айыл өкмөттөрүндө улуттук тилди өнүктүрүү максатында ар түрдүү иш чаралар көрүлүүдө.

23-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте, Бишкек Гуманитардык университетинде, Кыргыз-Орусия (Славян) университетинде, Юридикалык Академияда жана башка мекеме-уюмдарда “Мамлекетик тил жалпы улуттук кенч” деген аталыштагы илимий-конференциялар өткөрүлөт.

Ал эми 30-сентябрда Улуттук филармонияда “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлүп, ага мамлекет башчысы Аскар Акаевдин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси Ташбоо Жумагулов билдирди.

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG