Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Но Му Хен Түндүк Кореянын ядролук программасын шашылыш талкуулоодон майнап чыкпайт дейт


Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен Түндүк Кореянын ядролук программасын шашылыш талкуулоодон майнап чыкпайт деп эсептейт. Ушундай пикирин ал Москвада Орусиянын президенти В.Путин менен жолугушуудан кийин билдирди.

Коңшулаш Корей республикалары, Кытай, АКШ, Орусия жана Жапония - Пхеньяндын болжолдуу ядролук курал программасын буга чейин бир нече ирет талкуулашкан. Но Му Хен жакында аныкталган Түштүк Кореянын өзүнүн ядролук изилдөөлөрү алдыдагы сүйлөшүүлөргө тоскоол болушу мүмкүн деп кошумчалады. Пхеньян Сеулдан ал изилдөөлөрдүн максатын дыкат талдап берүүнү талап кылган. Түштүк Корея президентинин тышкы иштер боюнча кеңешчиси ал программа илимий изилдөө максаттарын гана көздөгөнүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG