Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Тбилиси-Баку темир жолу тосулду


Грузиянын азербайжандар басымдуулук кылган Гардабани районунун жашоочулары жергиликтүү бийликтегилердин отставкага кетишин талап кылып, Тбилиси-Баку темир жолун тосуп алганы кабарланды. Демонстранттар райондук акимчиликте иштегендерди коррупция, нандын жана коомдук транспорттун баасы кымбаттап кеткенине байланыштуу айыптап, кызматынан кетүүгө үндөп жатышат.

Алар ошондой эле Грузиянын президенти М.Саакашвили шайлоо алдында элдин жашоо-шарттарын жакшыртуу жөнүндө берген убадаларын аткарган жок деп айыптоодо. Грузин президенти августта жергиликтүү акимге элдин талаптарын аткарууга бир айлык мөөнөт берген.

XS
SM
MD
LG