Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 09:05

Башы кесилген адамдын өлүгү өткөрүлүп берилди


АКШнын Багдаддагы элчилиги Ирактын бийликтери башы кесилген адамдын өлүгүн өткөрүп бергенин билдирди. Азырынча маркумдун аты-жөнү такталып бүтө элек. Кечээ согушкерлердин "Тавхид вал Жихад" тобу барымтадагы экинчи америкалыктын башын кескенин жарыялаган. Бүгүн ошол "Тавхид вал Жихаддын" лидери Абу Анас ал-Шами бир апта мурун Багдаддагы авиачабуулдан өлгөнүн Иорданиялык гезит кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG