Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН АНЫКТАМАСЫН САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР СЫНГА АЛЫШТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 22-сентябрда оппозициядагы бир катар саясий партиялар жыйын өткөрүштү. Анда партия өкүлдөрү 21-сентябрда Конституциялык соттун Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын кароонун негизинде чыгарган аныктамасына катара ой-пикирлерин билдиришти.

Конституциялык сот Аскар Акаев 2005-жылда боло турган президенттик шайлоого катышууга укугу барбы деген маселени Конституциялык сотто кароо эрте, бул маселе алды менен парламенттин кош палаталарынын жыйындарында каралууга тийиш деген аныктамасын чыгарган.

Жыйындын катышуучулары саясий партиялардын мындан аркы иш-чараларына байланыштуу маселелерди да талкуулашып, алардын алдындагы башкы маселелердин бири – Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол бербөө жана тынчтык, демократиялык жол менен 2005-жылы бийликти алмаштыруу экендигин белгилешти.

Жыйынга «Атамекен», «Асаба», «Акыйкат жана прогресс», «Арнамыс», «Кыргызстан коммунисттери» жана башка партиялардын жетекчилери катышты.

Жыйындын башында депутат Дүйшөн Чотонов Конституциялык сот анын Аскар Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укугу барбы деген маселени тактап берүүнү өтүнгөн арызын кароонун негизинде чыгарган аныктамасы боюнча мындайча пикирин билдирди:

- Биздин максат "Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоого барууга укугу барбы же жокпу» деген маселеге карата бир жактуу жооп алуу болчу. Бирок тилекке каршы, Конституциялык сот бийликтен көз каранды экендигин дагы бир ирет далилдеди. Биз Ак үй мыйзам бузуу, күч колдонуу жолдору менен бийликти сактап калуу сценарийи менен кетип жаткандыгын түшүндүк. Сот системасы толугу менен көз каранды экендигине дагы бир ирет ынандык , - деди Дүйшөн Чотонов.

Ал эми «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев болсо, Конституциялык соттун аныкмасына байланыштуу:

-Биз кечээ эртең менентен бери Кыргызстанда жаңы саясий кырдаал түзүлөт деп күтүп отурдук. Бирок же ары эмес же бери эмес аныктама чыгып калды. Мунун өзү да чоң саясий чечим. Эми эң негизги маселе – биз демократиялык күчтөр кызматташуунун жаңы формаларын таап, иш-аракеттерибизди координациялашыбыз керек. .

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын төрагасы Досбол Нур уулу да Конституциялык сот бийликке ыңгайлуу аныктаманы чыгарды деп эсептейт:

- Конституциялык сот мындан башка аныктама, чечим чыга албайт деп биз күткөнбүз. Анкени, Конституциялык соттун Ак үйдун алдында мындан башка чечим чыгарганга укугу жок болсо керек. Бүгүнкү бийлик калктын кайдыгерлигинен, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын башын бириктирип, ынтымакка келе албай жактандыгынан жакшы пайдаланып, ушул чечимге келди окшойт. Мен Аскар Акаев түбөлүккө президент болбойт деп ойлойм, Чолпон Баекова өмүр бою Конституциялык соттун төрайымы болбойт. Тарых бардык нерсени ордуна коюп, алардын да мыйзамсыз аракеттери үчүн жооп бере турган мезгил келет.

Досбол Нур уулунун мындай пикирин депутат Азимбек Бекназаров төмөнкүдөй толуктады:

- Конституциялык сот дайыма бийликке ылайыкташтырган чечимин чыгарып келет. Маселен, 1998-жылы президентикке бара алат деген чечимин чыгарып берген. Андан кийин, Үзөңгүкууш боюнча да Ак үйгө жаккан чечимин чыгарды. Башкача айтканда, Конституциялык сот саясатташып кеткен.

«Адилет» партиясынын мүчөсү, депутат Марат Султанов болсо азыр саясий партиялар иш жүзүндөгү аракеттерге өтүшү керектигин белгиледи:

-Эми азыр мамлекет башчысы Аскар Акаев киийнки президентик шайлоого барабы же барбайбы деген суроо менен алек болбой, иш жузүндө аракеттерди башташыбыз керек. Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге, парламенттик шайлоолорго катышуубуз керек.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев саясий партиялар үчүн азыр бир идеянын тегерегинде биригүү зарыл, саясий партиялардын алдында турган негизги маселелердин бири - Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүгө жол бербөө деген пикирин мындайча билдирди:

- Азыр бизге бийлик өз алдына кандай максат коюп жаткандыгы жөнүндө белгилүү болуп калды. Бизде каржылык жана башка кыйынчылыктар бар. Бирок биздин артыбызда эң чоң фактор бар. Бул -гкманитардык фактор, элдин үмүтү, элдин мүдөөсү. Саясий жактан алып караганда биздин алдыбызда чоң максат турат - бул тынчтык жол менен, конституциялык жол менен 2005-жылы бийликти алмаштыруу.

Жыйындын соңунда ага катышкан саясий партиялардын жетекчилери мындан ары партиялардын, саясий бирикмелердин иш-аракеттерин координациялоо үчүн демилгечи топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Ал эми бийликке ылымсанаган айрым партиялар болсо Конституциялык соттун мындай аныктаманы чыгаруусуна бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөн жок деген пикирлерин билдиришүүдө. Бул жөнүндө «Жаңы күч» партиясынын төрайымы Токон Шайлиева мындай дейт:

- Конституциялык сот эч кимге көз каранды эмес. Ал өзү каалагандай чечим чыгарат. Негизи, азыр Акаев шайлоого барабы же барбайбы деген суроону териштирбей, иштесек жакшы болот эле.

Сүрөттө: Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова (21-сентябрь 2004-жыл).

XS
SM
MD
LG