Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ: ТАМАРА ЖУМАКАЕВА


Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Тамара Жумакаеванын көзү өткөнүнө үч жарым жыл болду. Анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн коомдук уюмдар жана коомчулук ошондо эле бир катар асыл максаттары алдырына коюшкан эле.

Маркум Тамара Жумакаеванын өмүрү бир гана театрга байланган. Анын кырк жылдан ашык чыгармачылыгы өнөр секиде өттү. Мүлдө кыргыз элине таасын ырчы жана актриса катары таанылды. Ал эми жердештерине колунан көөрү төгүлгөн чебер уз, элдин таламы үчүн күйүп-бышкан атуул катары белгилүү эле. Сөз облустук аялдар конгрессинин төрайымы Бегайым Жангелдиевада:

- Бул кишини ким гана тааныбайт, ким гана билбейт, Теңиртоонун чыгаан кыздарынан эмес беле. Аты өчпөй жүрсүн деген максатта биз Аялдар конгрессинде өзүбүздүн чечимибизди кабыл алып, мындай сунуш жасаганбыз. Биринчиден, Тамара эженин фондун уюштурсакбы дегенбиз. Буюрса, ал фондду уюштурдук. Экинчиден, жылга Тамара эже атындагы кароо-сынакты уюштурсакбы дегенбиз, кароо-сынакты уюштуруп туруу колубуздан келип атат. Жылына май айында эскерүү кечелерин өткөрүп, андан кийин жакшынакай кылып эстеп, чыгармачылыгын даңазалап келебиз.

Бегайым Жангелдиева Тамара Жумакаеванын ысымы өзү туулуп, өскөн Нарын районундагы Куланак айылындагы клубга ыйгарылганын белгилеп, бирок Нарын шаарынын бир көчөсүнө атын койдура албай жүргөндүктөрүн айтат. Мындай жүйөөгө маркумдун уулу Иличбек Жумабаев да макул:

- Көзү өтүп кеткенден бери Нарын шаар башкармасына эки-үч сапар кайрылдык эле арыз менен. Ошол кезде шаардын башчысы Кермакунов болчу, бул кишиге кайрылып Кыргыз көчөсүн сураганбыз, шаардын ортосунда жайгашкан кыска көчө эле, берилбей жүрүп отуруп азыр ал көчө Токтосунова атында аталып калды.

Ал эми Нарын шаарынын мэри Бейшенаалы Бегалиев жогорудагыдай пикирге мындай деди:

- Мен Нарын шаарынын мэри болуп дайындалганыма 2 ай болду. Кыргыз Республикасынын эл артисти Тамара Жумакаеванын атын коюу боюнча сунуш түшө элек болчу, менин билишимче. Эгер сунуш түшүп кала турган болсо, биз канаттандырабыз. Эже кыргыз элинин эң таланттуу, белгилүү артистердин бири эсибизде.
XS
SM
MD
LG