Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

АВТОУНААНЫН ПАЙДАСЫНАН ЗЫЯНЫ КӨПБҮ?


Шаршембини дүйнөнүн 1 миң чакты шаары “автоунаасыз күн” катары өткөрүштү. Мындан 8 жыл илгери Францияда башталган акцияны башка өлкөлөр да колдоп, алардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Бул күнү жеке машиналардын айдоочулары айлана-чөйрөнү кирдетпеген велосипеддерге отуруп, коомдук унааны колдонушат.

Эртең менен эл жумушка жөнөгөндө же кечинде үйлөрүнө кайтканда көчөлөр машиналарга жык толуп, кээ бир учурларда 10 мүнөттүк аралыкты 1 сатта араң өтөсүң. Ага кошумча газ, бензиндин жытычы! Мындай көрүнүштү Европа, Америка же Азия болобу, кыскасы, дүйнөнүн булуң-бурчунда жолуктурасың.

1996-жылы Франция бир күндү автоунаасыз деп жарыялап, бул демилгени башка өлкөлөр да колдоп чыгышты. Латын Америкасында бул акцияны өткөрүүдө Бразилия лидер болсо, Азияда Япониянын Йокохама шаарынын тургундары өзгөчө жигердүүлүгү менен айрмаланат.

Автомашина, албетте, адам баласынын турмушуна көптөгөн артыкчылыктарды алып келди. Ал 20-кылымда адамдын эркин орун которуусунун символу болуп калган. Бирок машиналар бөлүп чыгарган зыяндуу газ, түтүн, жүк ташуучу унаа, автобустардын күрү-гүүсү ден соолук үчүн өтө коркунучтуу экенин бардыгыбыз эле билебиз.
“Автоунаасыз күндүн” уюштуруучулары адамдар ушул жөнүндө ойлонот деп үмүттөнүшөт:

- Бул күнү элдер унаанын башка түрлөрү да бар экенин эстеп, аларга өтүү анча деле кыйын эместигин өздөрү көрө алышат, - дейт Британиянын автомобиль клубунун өкүлү Сюзи Хэйвуд.

Бирок машинага көнүп алаган элди адатын койдурууга кыйын экен. Мисалы, Прага быйыл бул акцияга кошулганы менен, көчөлөрдө машиналардын саны азыраак болду деп айта албайсың.

Сюзи Хэйвуд айдоочулар башка жакшы альтернатива болсо гана көчөгө жеке машинасыз чыгууга макул болушат деп эсептейт:

-Албетте, биз автоунаабызды жакшы көрөбүз. Бирок экинчи жагынан ага башка альтернатива көрбөйбүз. Коомдук унаа арзаныраак, ыңгайлуураак, бизди каалаган жерибизге ылдам жеткирүүгө кудуреттүү болмойунча, жеке машина менен коштошууга шашпайбыз.

Машиналардын көптүгүнөн жапа чеккен жалгыз гана шаар тургундары эмес. Мисалы, Альпыдагы Гармиш-Партенкирхен курорту Германия, Австрия жана Италиянын чегаралары кесилишкен жерде жайгашкан.
Жергиликтүү өкмөттүн өкүлү Волфганг Олексюктун ырастоосунда, дем алыш күндөрү ал жерден 30 миңге жакын машина өтөт.

Курорттун айланасындагы кыштактардын жашоочулары көптөн бери айланма жолдун курулушун талап кылып келатышкан. Олексюк эми автомашиналар жаңы тунель аркылуу өтүп, Фархант айылынын тургундарына жолтоо болбой калды дейт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG