Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Төрөкул Дооров, Прага Жакында Түштүк Корея менен Кытай эл республикасынын ортосунда “дипломатиялык чатак” чыгып кете жаздады. Болгондо да баары биздин замандын 668-жылы сөз болгон падышачылык үстүндө болгону таңкалдырат. Азиялыктардын намысы канчалык деңгээлде карым-катнашка, а кээде чоң саясатка таасир берип жатат?

Кытай өкмөтү тарабынан каржыланып турган атайын долбоорду иштеп жатышкан кытайлык изилдөөчүлөр, жок дегенде эң башкы стадияларында “Гогуруйо хандыгы кытай элине таандык болгон” деген тыянак чыгарышты. Ошол эле учурда алардын түштүккореялык кесиптештери муну заматта четке кагып: “Жок! Гогуруйо башынан тарта аягына чейин 100% Кореяныкы!” деп, бул маселеге чекит койгонго ашыгышты.

Кийинчерээк, ушул жылдын апрелинде, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин интернет сайтынан Гогуруйо тууралуу маалыматтын корей тилиндеги бөлүгү такыр эле алынып салынгандан кийин, абал андан да курчуй баштады.

Бирок жаңжалды өткөн айда тараптар ортосунда кол коюлган келишим менен токтотуу аракетине кадамдар жасалган. Алар бири-бирине ынтымакта жашоого сөз беришти. Бирок Кытайды да, Түштүк Кореяны да ойлондурган негизги суроо: "экөөнүн тең чегарасынын айрым бөлүктөрүн ичине 700 жыл бою камтып турган Гогуруйо падышалыгы кимге таандык?" деген суроого так жооп айтыла элек.

Кытайлыктар үчүн бул маселе көптөн бери эле ачыктай сезилип келген. Алардын маданияты, тарыхы тээ Чынгызхандын империясы тушунда жүз көргөн ири окуялардан тарта окутулуп келет. Алар Гогуруйо падышалыгын Кытайда отурукташкан көптөгөн майда улуттардын бири катарында эсептешет. Керек болсо, жапондорду да биздин заманга чейинки 209-жылы 1000дей кытайлык кыз-жигиттер “мүрөк суусун” издеп барып, ошол жактан жапон аталып калышкан дешет.

Бейжин университетинде Байыркы цивилизацияларды изилдөө борборунун башчысы Литий Бокияндын ишениминде, “Гогуруйо Ханьшуй династиясынын бир бөлүгү болгон” экен:

- Бирок кийинчерээк бул династия күчүн жоготкон, - дейт ал.

Айрым аналитиктер Кытайдын жапондор менен Гогуруйо боюнча бул ишенимдерин “Кытай дүйнөлүк тарыхта алдыңкы орунду самайт” деп баалашууда.

Ал эми кореялык байкоочулар Кытайдын бул аракеттери акыр аягында чегара машакаттары менен келип такалаарын, эгерде бир балакет болуп, Түндүк Корея кыйраса, анда Кытай Кореянын чегарасын оңой жерден жок кылууга үмүт кылаарын айтышууда.

Бул өңдүү ойлорго айрым кытайлык талдоочулар да макул болушууда. Алардын пикиринде, айрым кытайлык чиновниктер бул максаттары менен кийин кореялыктарды да тибеттиктер сыңарындай эле, “силер дайыма биздеги улуттук азчылык болгонсуңар” деп, аймакты өзүнө өткөрүп алууга кызыкдар.
XS
SM
MD
LG