Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

КАРЗАЙДЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ КАНУНИНИ ИЙИТКИСИ КЕЛЕТ


Ооган президенти Хамид Карзайдын жардамчылары келээрки айга белгиленген президенттик шайлоодо Карзайдын негизги атаандашы болчу саясатчыны өз талапкердигин алып салдырууга көндүрүү үчүн аракет жасоодо. Бул тууралуу Хамид Карзайдын тобу да, мурдагы билим берүү министри, президенттикке талапкер Йунус Канунинин өкүлдөрү да тастыкташты. Бирок Канунинин өзү мындай кадамга баруу азырынча эрте экенин айтууда.

Ооганстанда президенттик шайлоо өтөөр күнгө үч аптадан азыраак эле убакыт калды. Дал ушул улам кызыган шайлоо өнөктүгү маалында өлкөнүн убактылуу президенти Хамид Карзайдын кеңешчилери анын башкы атаандашы, мурдагы билим берүү министри Йунус Кануни менен жең ичинен келишүү үчүн далаалат кылышты.

«Нью Йорк таймс» гезитинин жазышынча, Карзайдын жакын кишилери Кануниге болочокто министрлик кызмат берилээрин убада кылышып, аны өз талапкердигин Карзайдын пайдасына алып салууга чакырышкан. Эгерде бардыгы ойдогудай болсо, анда Канунинин эң таасирдүү эки колдоочусу – коргоо министри Касым Фахим менен тышкы иштер министри Абдулла Абдулла азыркы кызмат орундарын сактап калышмак.

Кануни мырза өзүнүн тарапкерлери менен Карзайдын кишилери тымызын сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн дүйшөмбү күнү ырастады. Бирок, анын айтымында, Карзай сунуштаган долбоор аны ынандырган эмес:

- Биз Карзай мырза менен эч кандай тикелей сүйлөшүү жүргүзгөн жокпуз. Бирок биздин айрым өтө жакын досторубуз аны менен анча-мынча баарлашты. Мындан улам эле кандайдыр-бир ынтымакка келгенибиз жөнүндө айың кептер таркап кетти. Бирок биз өз ара келише элекпиз, ортобузда эч макулдашуу жок. Биз өзүбүздүн шайлоо өнөктүгүбүздү уланта бермекчибиз.

Ал эми Хамид Карзай мырза Бириккен Улуттардын жалпы жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко келген чагында, шейшемби күнү «Азаттык» үчүн маек куруп, кандайдыр-бир коалиция түзүү тууралуу айың кептер чындыкка коошпойт деп билдирди:

- Кимде-ким коалициялык өкмөт кургусу келсе, андайлар үчүн менин өкмөтүмдө кызмат жок. Бирок кимде-ким улуттук ынтымактын өкмөтүн, жалпы ооган элинин өкмөтүн кургусу келсе, - мен өз күн тартибиме киргизген эркин, Туруктуу, бакыбат жана көз каранды эмес Ооганстанды куруу мүдөөсүн бөлүшсө, анда мындай кишилер үчүн өкмөткө эшик ачык.

Кануни мырза айтылуу Панжшир аймагынан чыккан мурдагы саясий топтун өкүлү. Бул топ негизинен оогандык тажиктерден куралган. Албетте, Канунинин кадыры чоң, ошондуктан ал олуттуу добуш алышы ажеп эмес. Бирок, лондондук адис Жонатан Гудхэнддин (Jonathan Goodhand) оюнча, баары бир жеңиш Хамид Карзайга тийчүдөй:

- Ооганстандын ичиндеги адистер болобу, же тышкаркы жактардагы серепчилер болобу, айтор, алардын жалпы пикирине караганда, Карзай жеңип чыкчудай. Бирок шайлоодо экинчи айлампа болоор-болбосун азыр бир беткей жоромол кылуу кыйын.

Бул сыяктуу жагдайларга көзү жетсе, балким Йунус Кануни жакынкы күндөрү Хамид Карзайдын сунушуна ийип бериши да ыктымал, - дешет ооган таануучу адистер.

Ооганстандагы президенттик тикелей шайлоо 9-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG