Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Чолпон Орозобекова , Бишкек 23-сентябрда кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү Американын аскерий учагы менен келген гуманитардык жүктү «Манас» аба майданында тосуп алышты. АКШнын фармацевттик компаниялары жөнөткөн медициналык жабдыктар жана дары-дармектер бардык ооруканаларга бирдей таратылмакчы. АКШ элчилиги билдиргенге караганда, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет мынчалык чоң өлчөмдөгү жардам берилип отурат.

Америка өкмөтү жөнөткөн 9 миллион долларлык медициналык жабдыктар темир жол аркылуу, ал эми 15 миллион долларлык дары-дармектер бейшемби күнү эртең менен аскерий учак менен алынып келди.

Министр Миталип Мамытовдун айтымында, Кыргызстанда колунда жок калктын колу жетпеген, оңой менен табылбаган дарылар эми бекер таратыла баштайт. "Министрлик америкалык дарылардын тизмесин тактап, алардын муктаж адамдарга бекер жетишин көзөмөлдөйт" дейт Мамытов мырза.

Ал эми Улуттук онкологиялык диспансердин бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаевдин айтымында, ракка каршы өнүккөн өлкөлөрдө да тартыш болгон бир катар кымбат дарылар келди:

- Өнүккөн мамлекеттерде да айрымдардын колу жетпеген дарылар келатканын угуп кубанып атабыз. Мисалы, АКШнын өзүндө 2000 доллар турган дарылар бар экен. Рак менен алпурушуп аткан адамдардын эң муктаждарына пайдаланабыз.

«Манас» аба майданындагы бул жардамды тосуп алуу аземинде вице-премьер-министр Токтош Айтикеева сөз сүйлөдү. Анын айтымында, бул жүк баарыдан да дары-дармек болгону үчүн маанилүү.

АКШ мамлекеттик департаментинин Евразия жана Европа өлкөлөрүнө көмөктөшүү боюнча программасынын координатору Томас Адамстын айтымында, бул долбоор дагы уланмакчы. 2005-жылы рентген-кабинет, операциялык жана лабораториялык жабдуулар келмекчи. Анүчүн АКШдан аскерий дарыгерлер атайын келип, муктаж болгон ооруканалардын тизмесин түзүшөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчисинини орун басары Доналд Лунун айтымында, ооруканалардагы кыйынчылыкка карабай кыргыз дарыгерлери жанүрөп иштеп келатат:

- Дары-дармек жана жабдыктардын тартыштыгына карабастан дарыгерлер жан үрөп иштеп атышат. Бул жардам аркылуу алардын түйшүгүн азга болсо да жеңилдете аларбыз деп үмүттөнөбүз. Оорулар менен күрөшкөн эржүрөк "жоокерлердин" колундагы куралын бир азга болсо узартып беребиз го деп ойлойм.

Сүрөттө: Американын аскерий учагы менен келген гуманитардык жүктү «Манас» аба майданында тосуп алуу учуру.

Фотосүрөт үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык билдиребиз.
XS
SM
MD
LG