Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

ИРАКТА ЖАЛПЫ ЭЛДИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ МАСЕЛЕСИ БУУда ТАЛКУУЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Ирактагы коопсуздук маселесин талкуулады. Кээ бир эксперттердин пикиринде, коопсуздук камсыз болмоюнча Иракта жалпы элдик шайлоо өткөрүү өтө кыйын. Ирак жетекчилигинин айтымында болсо, өлкөнүн жаңы өкмөтү шайлоону өзү деле өткөрө алат.

Иракта жалпы элдик шайлоону өткөрүү келерки жылдын январына белгиленген. Бирок кээ бир эксперттердин айтымында, өлкөдөгү абал улам начарлап бараткандыктан, шайлоо мөөнөтү кийинкиге да калтырылышы мүмкүн.

Шайлоого даярдыктар мурда эле Бириккен Улуттар тарабынан көрүлө баштаган. Бирок былтыр август айында уюмдун Багдаддагы кеңсесинде жарылуу болуп, жыйырмадан ашык адам жана алардын ичинде Бириккен Улуттардын өкүлү Сержио Виейра ди Мелло да өлгөндөн кийин, уюм өзүнүн көпчүлүк кызматкерлерин Ирактан чыгарып кеткен. Коопсуздукту камсыз кыла албайт деп америкалык жетекчиликке каршы да сын айтылган.

Өткөн аптада болсо Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Ирак согушун мыйзамсыз деп атаганы менен кошо, Ирактагы коопсуздук азыркы абалда кала турган болсо, өлкөдө ишенимдүү шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деп билдирди.

АКШ Демократиялык партиясынын атынан президенттике көрсөтүлгөн сенатор Жон Керри дароо андан пайдаланып, шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөй да калышы мүмкүн деп, президент Жорж Буштун өкмөтүн күнөөлөдү. Азыр Иракта Бириккен Улуттардын 35 гана кызматкери иштейт.

Абал чындап эле абдан оор - өткөн бейшемби күнү барымтага алынган америкалык эки жаран биринин артынан бири өлтүрүлдү. Иракта курман болгон америкалык аскерлердин саны бир миңден ашты. Президент Жорж Буш болсо Иракта эркин жана демократиялык коом түзүү багытында ири ийгиликтер жетишилгенин айтууда.

Бириккен Улуттардын Жалпы Ассамблеясынын сессиясына катышууга келген Ирактын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Аяд Аллави болсо Кофи Аннандын айтканына таң калганын билдирди. Анын пикиринде, Ирактагы жалпы абал жакшы эле, терс окуяларга маалымат каражаттары гана өтө эле көп көңүл буруп, коомчулуктун бүйрүн кызытууда жана эгер Бириккен Улуттар шайлоо даярдоо адистерин Иракка жибербесе, өлкөнүн утурумдук өкмөтү шайлоону өз убагында өз күчү менен деле өткөрө алат.

Бирок башка саясатчылардын көңүлү анчалык куунак эмес. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, маселе азыр Бириккен Улуттардын жетекчилиги менен талкууланууда, бирок коопсуздук жагдайы чындап эле курч:

- Шайлоо өткөрүү үчүн Бириккен Улуттарга эмне керек экени тууралуу биз азыр уюмдун жетекчилиги менен сүйлөшүп жатабыз. Баш катчынын айтымында, Ирактагы кызматкерлердин саны жакын арада көбөйтүлөт, бирок маселе - алардын коопсуздугун кантип камсыз кылуу керек дегенге такалууда.

Шаршемби күнү Нью-Йоркто Испаниянын талабы менен Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү жана Кофи Аннан кеңеш мүчөлөрүнө кайрылып, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине көбүрөөк салым кошууга чакырды. Бирок мисал үчүн, Бириккен Улуттардын башка тынчтык орнотуу аракеттерине көп салым кошкон Пакистан бейпилдик аскерлерин Иракка жиберүүдөн эмгиче тартынууда. Маселени Нью-Йоркто Аннан, Пауэлл жана Пакистан президенти Первез Мушарраф өзүнчө жолугуп да талкуулады, бирок ийгилик жетишилгени тууралуу кабар жок.

23-сентябрда Багдадда эки бомба жарылып, кеминде 12 адам набыт кетти, 22-сентябрда болсо шаардын Садр Сити аймагында эле болгон кагылышуулардан 15 адам өлгөн. Барымтада азыр жыйырмага жакын адам кармалууда, апрелден бери болсо 30 туткун өлтүрүлдү.
XS
SM
MD
LG