Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Жалалабадда кыргыз тил мыйзамынын 15 жылдыгы белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынган күнүнө арналган салтанат Барпы театрынын аянтында өтүп, кыргыз тилин даңктаган жеткинчектер, окуучулардын ыр-бий, тамашалары менен коштолду. Расмий бийликтин өкүлдөрү эне тил дайыма колдоого-коргоого муктаж экендигин белгилешти. Жалалабад университетинде өткөн илимий-практикалык конференцияда баяндалгандай кыргыз тилине жетишээрлик маани берилбей, орустар катышпаса да жыйналыштар орусча өтөөрү айтылды. Өзбек мектептеринде кыргыз тил жана адабиятын окутуу боюнча китептер жетишпейт. Мекеме, жол, көчө, автоунаа каттамдарынын аттары көбүнчө кыргызча жазылбай келатат.

XS
SM
MD
LG