Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:10

«Эл бийлиги үчүн» бирикмеси курултайын 7-октябрдан кийин өткөрмөй болду


БИШКЕК. «Эл бийлиги үчүн» саясий бирикмеси 25-сентябрга белгиленген курултайын 7-октябрдан кийин өткөрүүнү чечти. Мындай билдирүүнү бүгүн бирикменин төрагасы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров жасады. Пландын өзгөрүш себебин сентябрдын этегине белгиленген Аксы районундагы жаңы мектептин ачылышы менен байланыштырды. Ага бирикмедеги бир катар лидерлер катышмакчы.

Бирикеменин тутумуна «Эркиндик», «Асаба», «Эрк», «Республика», «КДК», «Кайран эл» партиялары кирет.

Белгилеп койчу жагдай: «Эл бийлиги үчүн» саясий биримдиги кечээ жаңы түзүлгөн «Кыргызстан элдик кыймылынын» курамына кирди. Экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев жетектеген бул кыймыл өзүнүн уюштуруу жыйынын 7-октябрда өткөрөрү маалым болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG