Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Ички иштер министри Жогорку Кеңештеги жыйынга келбей койду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет күн тартибине ылайык “Ички иштер органдары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодон баш тартты. Анткени аталган комитеттин чакыруусуна Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков өзү келбей, орун басарын жибергени себеп болгон.

Буга чейин Субанбеков комитеттин 5 жолку чакыруусуна келбей, аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга мүмүкүн болбой жатканын маалымдап президентке кат жолдоорун, комитеттин төрагасы Алымбай Султанов билдирди.

Ал эми маңзаттарды көзөмөлдөөчү агенттиктин директору Курманбек Кубатбеков өзү жетектеген агенттик тууралуу маалымат берип, кийинки жылдары маңзаттарынын сырттан ташылып келиши кескин өскөнүн белгиледи.

Ошондой эле комитетте Аэропорттордо текшерип өткөрүү кызматын милиция органдарынын көзөмөлдүгүнө берүү боюнча маселе да каралды. Аэропорттордун жетекчилиги текшерип өткөрүү кызматын милицияга берүү эл аралык келишимдерге ылайык келбегендигин айтып, каршы чыгышты. Бул талаш-тартышты чечип берүү максатында премьер-министрге комитет кат жолдой турган болду.

XS
SM
MD
LG