Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Парламент акыйкатчынын отчётун укту


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун 2003-жыл үчүн отчётун укту. Депутаттар талкууда институттун ишмердүүлүгүн уюштуруу, каржылоо, эл аралык уюмдар менен кызматташуу маселелерине кайрылышып, отчётту кубаттаган жана сынга алган пикирлер айтылды. Акырында депутаттар көпчүлүк добуш менен акыйкатчынын отчетуна канагаттандырарлык деген баа беришти.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, акыйкатчы институту негизделгенден бери 14 миң 214 адам арыз менен кайрылды. ЕККУ 60 миң евро жардам берди. Ал эми 2003-жылы республикалык бюджет бөлгөн 16 миллион сом институтка зарыл каражаттын жетиден бир бөлүгүн жапты. Акыйкатчы институтунда учурда 126 киши иштейт. Бирок парламент акыйкатчынын мыйзамдагы үч орун басарын шайлай элек. Өткөн жылдан бери катталган тизмеде 16 талапкер бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG