Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Шанхай уюмунун өкмөт башчыларынын Бишкек жыйыны аяктады


БИШКЕК. 23-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын отуруму болду. Анын жыйынтыгы менен өкмөт башчылар кеңеши биргелешкен коммюнике жана чечим кабыл алышты. Тогуз пункттан турган чечимге отурумда талкууланган көп тармактуу соода-экономикалык кызматташтык программасын аткаруунун планы, Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин классификациялоонун жобосу, уюмдун 2005-жыл үчүн бюджети, каржылык абалы, фонду, ишкер кеңеши, катчылыктын жана антитеррордук борбордун 2004-жылдагы чыгымдарын кайра бөлүштүрүү өңдүү маселелер кирди.

Биргелешкен коммюникеде өкмөт башчылар тогуз маселени белгилешти. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында алаканы тереңдетүү жана кеңейтүү терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтөт деген ишеним билгизишти, Беслан окуясын сындашты. Ушул эле күнү ШКУнун интернет баракчасынын расмий ачылышы болду.

ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин Бишкек отурумуна Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстандын өкмөт башчылары, Өзбекстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери катышты.

Өкмөт башчылардын кезектеги отуруму келерки жылы сентябрда Москвада өтмөй болду.

Ушул эле 23-сентябрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадковду кабыл алып, Шанхай кызматташтык уюмунун ишине активдүү катышканы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG