Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

БЛЭР МЫРЗА, МЕНИ КУТКАРЫҢЫЗ!


Лондон өкмөтү британиялык Кеннет Биглей аттуу жаранды барымтага алган согушкерлер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Аны менен чогу кармалган америкалык эки кишини жоочулар камералардын алдында мууздап салышкан. Кечээ Биглей түздөн түз премьер Тони Блэрге кайрылып, аны куткарууну суранган тасма көрсөтүлдү. Башка такталбаган маалыматтарга ылайык, согушкерлердин дагы бир тобу айдын башында уурдалып кеткен италиялык эки кыздын көзүн тазалашкан.

Байкоочулардын баамында, британ премьери Тони Блэр кыйын кезеңди башынан кечирип жатат. Катардагы британиялыктардын каршылыгына карабай, Ирак согушуна катышууну чечкен Блэрдин популярдуулугу ансыз да төмөндөп кеткен. Оппозициянын гана эмес, өзүнүн лейбористтер партиясынын сол канатынын сынына кабылган премьер эми саясий гана эмес моралдык кысымга да алынышы ыктымал.

- Мага жардам бериңиз, мырза Блэр. Ушул дүйнөдө сизден башка мени эч ким куткара албайт. Мен өлгүм келбейт. Суранам, жардам бериңиз. Менин аялым менсиз жашай албайт, - деп жалынып-жалбарды 62 жаштагы Кеннет Биглей.

Ал бир нече күн мурун контракт менен иштеген америкалык эки киши менен кошо согушкерлердин колуна түшүп калган. Барымтачылар ирактык аял туткундардын бошотулушун талап кылышкан эле. Алардын шарты аткарылбагандан соң согушкерлер Эуген Армстронг жана Жэк Хенслейди мууздап салышкан. Эми ушундай эле тагдыр Кенетти күтүүдө деп эскертишти барымтачылар.

Буга Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Лондон барымтачылар менен сүйлөшүүлөргө барбайт деп жооп берди:

- Кен Биглей тартылган тасма британ өкмөтүнүн турумун өзгөртө албайт. Мен Кендин үй-бүлөсүнө да буга чейин түшүндүрдүм, биз террористтер менен сатуулаша баштасак мындан да көп адамдын өмүрү коркунучка кабылат. Жалгыз Иракта эмес, башка жерлерде да.

Ошол эле күнү Ирактын убактылуу өкмөтү биолог-изилдөөчү Рихаб Таханын түрмөдөн коё берилишине байланыштуу бир нече карама каршы билдирүү жасады. Эртең менен юстиция министрлигин басма сөз кызматы биологиялык курал боюнча адис Таха айым жакын арада күрөөгө бошотулат деп ырастаган эле. Түштөн кийин АКШда жүргөн премьер Аллави Таханы абактан чыгаруу жөнүндө азырынча пландар жок экендигин белгиледи.

АКШнын аскерий коммиссиясы окумуштуунун шарттуу түрдө бошотулушун сунуш эткени менен, Вашингтон бул рекомендациянын барымтачылардын талаптарына тиешеси жок, Таханы эркиндикке чыгаруу чечими жогорку аскерий жетекчилик менен талкууланып, алардын макулдугун алгандан кийин гана кабыл алынат деп ырастоодо.

Италия да британиялыктар сыңары барымта драмасын баштан кечирүүдө.

Кечээ эртең менен гуманитардык уюм үчүн иштеген эки кызды - Симона Пари менен Симона Торреттаны барымтага алган согушкерлер интернет аркылуу билдирүү таркатышып, экөөнү тең өлтүргөнүн кабарлашты. Өзүн “Жихад уюму” деп атаган жоочулар Италия алардын талабына моюн сунуп, аскерлерин Ирактан алып кетпегендиги үчүн эки аялдын көзүн тазаладык деп билдиришти. Бирок Италиянын тышкы иштер министрлиги кыздардын тагдыры жөнүндө эч кандай жаңы маалымат жок экендигин ырастады.

Буга чейин Иракта Италиянын эки жараны барымтачылардын колунан ажал тапкан - апрелде америкалык фирма үчүн иштеген коопсуздук кызматкери Фабрицио Куатрокки, августта болсо журналист Энцо Балдони.

Катардагы италиялыктар Багдадагы гуманитардык уюмда иштеген эки Симонаны өлтүрүп коюшту деген кабарга ишенгиси келбейт:

- Ирaктыктык балдарга жардам берип жүргөн кыздардын мындай тагдырга туш болгону өкүнүчтүү. Мен гезиттерден окудум, бирок чынында эмне болуп жатканын ким билет, - дейт ишкер Лука Гини.

Рим дагы Лондондой эле барымтачылар менен сүйлөшүүгө барууну каалабайт. Бирок кыздар барымтага түшкөн 7-сентябрдан бери Италия аларды бошотуу үчүн дипломатиялык аракеттерин күчөттү.

Тышкы иштер министри Франко Фраттини Перси булуңун кыдырып, региондун лидерлери менен жолугушуу өктөрдү. Анын турнеси канчалык натыйжалуу болгондугу жөнүндө министр же ак же көк дей элек.

Иракта ушу тапта франциялык эки журналист да барымтада жатканын кошумчалай кетели. Алардын тагдыры белгисиз бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG