Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алганына 15 жыл болду. Он беш жыл ичинде эмне өзгөрдү? Ушул күнгө чейин мамлекеттик тил тууралуу бир беткей пикир жок.

Бири "он беш жыл бою күпүлдөгөн гана сөз жамгыры тынбай жаап турду, бирок ал жерге кылт этип, кылайган чөп чыккан жок" дешсе, бири "жок, он беш жыл ичинде Кыргыз президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясы түзүлдү" дешет.

Анда эмесе он беш жылдан бери да, андан мурда да, эне тил тагдырына күйүп-бышып жүргөн атуулдарыбыздын ой-пикири кандай болду экен? Көңүл буруп көрөлү. Белгилүү кыргыз социологу, философия илимдеринин доктуору Кусейн Исаев мындай дейт:

- Улут үчүн чындап күйгөн азаматтар болмоюн, тил тагдыры үчүн башын сайган эр жүрөк улан- кыздар болмоюн буга чейинки кылган аракеттерибиздин баары эч нерсеге арзыбай кала берет, мамлекеттик тил комиссиясы деген жөн эле сөз, жөн эле жыйын бойдон кала берет.

Социолог Кусейн Исаевдин оюн андан ары тереңдетүү менен Кыргыз-түрк (Манас) университетинин профессору, түркология бөлүмүнүн башчысы Ахмед Буран Ата Түрк Түрк республикасынын башына келген биринчи жылдардагы эне тил реформасынын мисалдарына токтолгондон кийин мындай оюн айтты:

- Кыргыздын кыргыз тилинен башка эне тили жок, кыргыздын кыргыздан башка жан күйөр жакыны жок. Ошондуктан кыргыз тилин өстүрүү да, же аны өлтүрүп жок кылуу да кыргыздардын өз колунда.

Ушул эле университеттин профессору, белгилүү түрколог Кадыралы Коңкобаевдин ою боюнча, кезинде Батышка цивилизацияны үйрөткөн, прогресстин ачкычы болгон ылдамдыкты биринчи ойлоп тапкан, дүйнөгө мамлекеттик түзүлүштү тараткан ата- бабаларыбыздын арбактары эч качан кечирбей турган иштерди жасап жатабыз:

- Мамлекеттик тил болуп туруп мамлекеттик трибуналарда сүйлөнбөсө, байланыш бөлүмдөрүндө, мекеме–ишканаларда, базарлар менен дүкөндөрдө сүйлөнбөсө, анын мамлекеттик тил болгону кайсы? Бир кездери Улуу Кыргыз Мамлекетинин тили да ушинтип жок болгон. Биз бүгүн дал ушул чекке жакындап келатабыз. Тил жок болору менен мамлекет да, ошол тилди алып жүргөн эл да жок болот, - деди профессор Кадыралы Коңкобаев.

Мына ушинтип аттуу-баштуу адамдарыбыз «кайран- тил аа, кайран тил» деп жер муштагылап жаткан чакта, алыскы Атбашынын Казыбек айылындагы бир үйбүлө Германиядан келген Мериам деген кызды бир жыл ичинде кыргызча татынакай сүйлөгөнгө үйрөтүп койгон.

Мериам болсо бизге кыргызча такалбай жана так сүйлөп, мындайча маек куруп берди:

- Аты-жөнүңүз ким?

- Мериам Лойте.

- Кайдан келдиңиз?

- Германия.

- Кыргызча абдан жакшы билет экенсиз, кантип үйрөндүңүз?

- Атбашыдан. Казыбек айылында бир жакшы кишилердин үйүндө жашадым. Кыргыз тилин ошол жерден үйрөндүм.

- Ырахмат маегиңизге, Лойте айым. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Мына ушундай. Мамлекеттик тилге он беш жыл болуптур. Ал тууралуу улантар сөз дале алдыда.

Сүрөттө: Бүгүн бизге "Кыргыз тили" кирет.
XS
SM
MD
LG