Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Түндүк Корея балким баллистикалык ракетасын учурушу мүмкүн


Бул тууралуу АКШ, Түштүк Корея, Жапония билдирүүдө. Абадан тартылган сүрөттөргө караганда, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы ракеталык базада активдүүлүк күчөп, ал жерге аскердик бөлүктөр менен техника топтолууда.

Түштүк Корея коргоо министрлигинин өкүлүнүн билдиргенине караганда, муну кезектеги машыгууга даярдык ирээтинде кароого болот. Бирок Пхеньян ракеталык сынак өткөрүүгө ниеттенип жатканын да жокко чыгаруу мүмкүн эмес. 1998-жылы Түндүк Кореянын ракетасы Жапониянын үстүнөн учуп өткөн. Муну менен Пхеньян ракеталары Жапонияга да жетээрин көргөзгөн болчу.

Кытай, Жапония, Түштүк Корея, АКШ жана Орусия учурда Түндүк Кореяны өзөктүк курал программасын токтотуп, анын ордуна коопсуздук кепилдиктери менен энергетикалык жардам алууга ынандырууга аракеттенишүүдө.

XS
SM
MD
LG