Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Түркияда күйөөсүнүн же аялынын көзүнө чөп салгандар жазага тартылбайт


Өлкөнүн кылмыш кодексинде зиналык жөнүндөгү жобо болбойт, деп билдирди Брюсселде түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган. Кодекстин мурдагы вариантында аялынын же күйөөсүнүн көзүнө чөп салуу кылмыш деп эсептелинип, жазалоо чаралары каралган эле. Эми мындай иш европалык нормалардай эле Түркияда да кылмыш деп каралбайт. Эмдиги айда Еврокомиссия Анкара менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы керек. Түркия Евросоюзга мүчө болууну көздөп, көп жылдардан бери мүдөөсүнө жетпей жүрөт.

XS
SM
MD
LG