Яап де Хооп Схеффер менен Владимир Воронин башкы темалардын бири катары Днестр кылаасындагы кырдаалды талкуулашты. НАТОнун баш катчысы жагдайды чукул арада жөнгө салуу зарылдыгын айтып, буга эл аралык коомчулуктун кеңири тартылышы зарыл деген көз карашын билдирди. Схеффер бул үчүн жаңжалдашып жаткан тараптар биргелешип чечим кабыл алышы керектигин кайталап эскертти. Воронин Днестр кылаасындагы россиялык аскер контингентин сепаратисттерди колдоп жатканы үчүн айыптады.