Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Пакистан Иракка эч кандай аскер жөнөтпөйт


Нью-Йоркто журналисттер менен маектешип, президент Первез Мушарраф Пакистан жана башка мусулман өлкөлөрүнө Иракка Бириккен Улуттар Уюмунун мандаты менен контингент жөнөтүү сунушун четке какты. Бу өлкөдөгү күчтөрдүн күчөтүлүшүнө биз каршыбыз, деп айтты ал. Азыркы контингентти ирактыктар оккупанттар деп эсептешет, андыктан мусулман өлкөлөрүнүн мындай кадамы тетири натыйжаларга алып келери айныксыз. Эң жакшысы, Мушаррафтын айтымында, Ирактын өзүнүн аскерлерин машыктырып-жатыктыруу керек. БУУнун башкы ассамблеясында Франциянын тышкы иштер министри да Париж өкмөтү Иракка аскер жөнөтпөй тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG