Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

БИШКЕКТЕГИ САММИТ, АКАЕВ ДООРУНУН «АК ТАКТАРЫ», КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН АНЫКТАМАСЫ


24-сентябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Бермет Букашеванын "Акаев доорунун ”ак тактары”" деген болочок китебинин уландылары жарыяланса, ал эми “Аалам” басылмасы Ош-Алайкуу жолундагы кырсыктын чыгыш себептери тууралуу ой- пикирлерге орун берди.

24-сентябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Бермет Букашеванын "Акаев доорунун “ак тактары” деген болочок китебинен “Мисир Ашыркуловду кимдер, эмне үчүн өлтүргүлөрү келишти?" деген бөлүмү жарыяланды. “Чынында бийлик бир ок менен эки эмес, үч коён атмакчы болгон. Мисир Ашыркуловду оюндан четтетип, көзүн тазалап, күмжам кылгылары келишкен. Бирок бул ойлору ишке ашпай калды. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, оппозицияны репрессиялоо максаты турган” деп жазат журналист Бермет Букашева.

Ушул басылмада кабарчы Жолдошбек Зарлыкбековдун «Конституциялык сот кайпактады» деген макаласы чыкты. «Ошентип Конституциялык сот мамлекеттин келечек тагдырына тиешелүү талуу маселени тике чечкенден убактылуу тайсалдап, качты. Башкы сот мүчөлөрү бул маселени чечүүгө даяр эместигин көрсөттү. Аскар Акаевичтин келээрки шайлоого катышар-катышпасы туурасындагы маселени Конституциялык сот дагы 6 айдан кийин кайра башка өңүттө-бүт парламенттин бир пикирин карашы мүмкүн» деп жазат Жолдошбек мырза.

«Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Сессия жаңылыктары, «Дүйнө-бир бүркүм» кабарлары, гезиттин кожоюну Мелис Эшимкановдун окурмандардын берген суроолоруна жооптору, окурмандардан келген кат-кабарлардын негизинде түзүлгөн макалалар, эмне үчүн инвестициялар аз келип жатышы, шаар көйгөйлөрү тууралуу материалдар, белгилүү журналисттер Кален Сыдыкова менен Мыктыбек Арстанбектин көп аял алуучулук тууралуу кайчы пикирлери жана башка жаңылыктар жарык көрдү.

Жума күнү жарык көргөн “Аалам” басылмасында журналист Элнура Кулуева Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Замирбек Парманкулов менен болгон маеги жарык көрдү. Мында Каракулжа- Алайкуу жолу, аны оңдоого бөлүнгөн каражат, ушул жолдо болгон кайгылуу кырсыктын себептери жөнүндө сөз болот.

«Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

-Аскар Акаевдин келээрки шайлоого барары же барбасы тууралуу маселени кийинкиге жылдырып, эл күткөн чечимди кабыл албаган Конституциялык сот тууралуу Аида Надырбекованын макаласы, Казакстандагы парламенттик шайлоого байкоочу болуп барып келген укук коргоочу Турсунбек Акундун пикири, Жалалабад облусунун Сузак районунун Карадарыя айылынын тургуну Анарбай Эргешовдун президентке, акыйкатчыга, Жогорку кеңештин кош палатасынын спикерлерине, Жогорку сотко, Башкы прокурорго, ички иштер министрине жана маалымат каражаттарына кайрылуусун жарыяладык.

24-сентябрдагы “Жаңы ордо” басылмасы Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык врач Кубанычбек Апасовдун өлкөдөгү саясый абал, президент Аскар Акаевдин Батыш өлкөлөрүндөгү кадыр-баркынын түшүп баратышы, оппозициянын ынтымагынын жоктугу тууралуу айткан маегин жарыялады. Ошондой эле Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров менен болгон интервью да басылды.

24-сентябрда “Заман Кыргызстан” басылмасы Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу тууралуу маалымат берди. Ушул эл аралык басылма Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Ямрухан Ялчун Бишкекте болуп, өлкөнүн аскер бөлүктөрүнө техникалык жардам берип, аскер адистерин окутууга көмөктөшүп жаткандыгын кабарлады.

“Кыргызстанда 7 миңдей чет өлкөлүк студент билим алып жатса, анын 4323ү Өзбекстандан, 746сы Түркиядан келген жаштар” деп жазат кабарчы Нургүл Исаева.

Жума күнү чыккан “Кыргыз туусу”, “Эркинтоо”, “Бишкек таймс” басылмалары Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу тууралуу кеңири маалымат беришти. “Бишкек таймс” басылмасы өлкөдөгү 70 саясатчынын 2 жума ичиндеги беделин иликтеди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG