Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

АЛЛАВИНИН АМЕРИКАГА САПАРЫ ИРАККА ТЫНЧТЫК АЛЫП КЕЛЕБИ?


Төрөкул Дооров, Прага Ирактын утурумдук өкмөт башчысы Аяд Аллави менен АКШ президенти Жорж Буш Ак үйдө өткөн жыйынтыктоочу пресс-конференцияда бири-бирин улам мактап жатышты. Негизи, эки мамлекет башчыларына тең мактоо сөздөрү ушул тапта өтө эле жетишпей жаткандай.

Анткени алты жумадан кийин Жорж Буш дагы бир жолу президенттикке шайлануу үчүн оор күрөштөн өтүшү керек. Ал эми анын ирактык кесиптеши өтө катаал учурда өкмөттү зымдай кармап, өлкөнү башкарып турууга милдеттүү.

Эки лидер тең Иракта абал жакшыра баштаганын ишендиргенге аракет жасашты.

Ирактыктын утурумдук өкмөтүнүн башчысы январга белгиленген шайлоо тууралуу сөзүндө, өлкөдөгү оор кырдаалга карабастан, шайлоо баары бир өтөт деп билдирди.

- Эгерде шайлоону эртең эле баштап жибергенибизде Ирактын 18 вилаетинин 15инде бул жараян ийгиликтүү өтмөк. Ал жерлерде ирактыктар жаңы саясий, экономикалык эркиндикти каалашат жана азыр өздөрүнүн күнүмдүк тиричилиги менен алек. Ал жерде абал маалымат каражаттары айтып жатышкандай эмес, бул – факт, - деди Ирактык премьер-министр Айад Аллави.

Иракта январда шайлоо өткөрүү тууралуу талаш-тартыштардын алкагы улам кеңейип баратат. Бириккен улуттар уюму өлкөдөгү коопсуздук чараларынын боштугун эске алып, балким, шайлоону арта жылдыруу керекдир? деген суроо койгон. Ошол эле учурда, Буштун администрациясы, Ирактын утурумдук өкмөтү жана абройлуу диний ишмер аятолла ас-Систани негизги саясий окуянын өз убагында өтүшү зарылдыгын белгилешти.

Ал эми АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелд бейшембиде айтканына караганда, Ирактын айрым аймактары шайлоо өткөрүүгө даяр эмес.

- Айталы, сиз өлкөнүн төрттөн үч бөлүгүндө, же 80% алкагында шайлоону өткөрдүңүз. Бирок айрым жерлерде зордуктун күчүнөн улам, өткөрүүгө болбоду. Макул, бул да жаман эмес дейли. Жашоодо баардык эле нерсени мыкты аткара бербейсиң. Бирок биз такыр шайлоо болбогондон көрө, бул да жакшы деп айта алабызбы?, - деп суроо койот америкалык министр.

АКШ баштаган коалициялык күчтөр Иракка басып киришкенден бери 18 ай өттү. Бирок коалиция күчтөрүнө каршылык көрсөтүп келатышкан козголоңчулар менен күрөш дале токтой элек. Эми көтөрүлүшчүлөр бар күч-аракетин америкалык аскерлерди, ирак полициясынын өкүлдөрүн жана коалиция күчтөрү менен кызматташкандарды, жөнөкөй атуулдарды жок кылууга жумшап жатышат. Ушул жумада алар барымтага алынган эки америкалыкты мууздап салышты.

Буш бул окуя тууралуу сүйлөп, “ташбоордук менен жасалган адам өлтүрүү козголоңчулардын алсыздыгын көрсөтөт” деди.

- Алар америкалыктарды өлтүрүү менен сыналгыдан чыгууга гана жетишти. Алар бул аракеттери менен бизди да, Ирак элин да, өз каалоолорубуздан баш тарттыргылары бар. Баардык эле америкалыктардай мен да бул ташбоордук аракеттерине жийиркенем, бирок артка кайтып, ирактыктардын максатын аткаруудан чегингим келбейт. Биз террор менен болгон согушта сөзсүз жеңишке жетишебиз, - деди АКШнын президенти Жорж Буш.

Ал ноябрга белгиленген президенттик шайлоо алдында оор сыноолорду өтүп жаткандай. Анын атаандашы демократ-сенатор Жон Керри президентти Иракта жүргүзүп келаткан жалган саясаты үчүн күнөөлөдү.

- Америка чындыкты сүйлөгөн жетекчиликке муктаж, - деди бейшембиде Огайа штатына шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барган Жон Керри.

Ал эми Ак үйдөгү маалымат жыйынында ирактык премьер Айяд Аллави менен АКШ президенти Жорж Буш бири-бирин Ирактагы абалды жакшыртууда жетишилген ийгиликтери үчүн мактап жатышты.

Бушка берилген суроолор арасында Ирактагы америкалык аскерлердин санын көбөйтүү мүмкүндүгү тууралуу маселе да козголду. Анткени шаршембиде Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер күчтөрүнүн жетекчиси, генерал Жон Абизайд “Иракта аскерлердин санын көбөйтүү зарылдыгы жаралып калышы да мүмкүн” экендигин айткан эле.

Бирок Буш буга жооп катарында “Абизайд көп аскер сураган эмес, бирок эгерде ал сураса, бул маселе олуттуу каралат” деп билдирди.

Өз кезегинде, Аллави да Иракта америкалык аскерлердин санын көбөйтүү зарылдыгы жок экендигин айтты.

- Биз чет элдик аскерлердин санын көбөйтүүгө муктаж эмеспиз. Ирак өзүнүн натыйжалуу аскерий күчтөрүн түзүшү керек. Кантсе да, бул Ирак эли үчүн жана алардын коопсуздугу үчүн иштеши керек.

Ирактык премьердин Вашингтонго сапары АКШда шайлоо өнөктүгү кызуу талкууга алынып жатканда өттү. Айрым талдоочулар Бушту ушул мезгилден пайдаланып, анын Ирактагы аракеттери баары бир натыйжа бере баштаганын элге жеткирүүгө далалат жасайт дешүүдө.

XS
SM
MD
LG