Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ТИКУЧМА МЕНЕН АЛАЙКУУГА БАРГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР ЖОЛДУН КАНДАЙ ЭКЕНИН БИЛИШПЕЙТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 19-сентябрда Алайкуу жолундагы кырсыктан 19 киши каза болду. Жаз айларында ушул эле жолдогу кырсыктан 8 адам каза тапкан. Ал эми 2001-жылдан 2003-жылга чейин Алайкуу жолундагы кырсыктан 17 адам каза болуп, 20дан ашууну жараат алган. Мына ушул маалыматтын өзү Алайкуу жолунун кандай экенинен кабар берет. Ал эми жолго көңүл буруунун ордуна айрым жетекчилер бардык күнөөнү айдоочуларга жүктөп салууга кошула албастыгы тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбеков «Азаттыкка» куруп берген маегинде билдирди.

- Сооронбай мырза, Алайкууда кырсык болду. Кырсыктан кийин биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, Ош облусунун губернатору Накен Касиев барып келишти. Алар Алайкуунун жолу түптүз болчу, бул жерде айдоочулар көбүрөөк ичип алып, ошонун натыйжасынан жол кырсыгы болду, эч кырсык болбой турган жол экен дегендей маалымат беришти.

- Вертолет менен жүргөн кишилер жолду көрбөсө ошентип айта берет. Ноябрдан баштап күз, кыш, жаз айында көргөндө ошондо билишет Алайкуу жолу кандай татаал экенин. Мына азыр жамгыр жаабай кичине сүрүлүп турат, ошондо дагы бул жол республика боюнча эң татаал жолдордун бири. Экинчи жагы, эки балага күнөө койбодукпу, күнөөсү болушу керек, чогуу автобуста жүргөн, жаракат алып ооруканда жаткандар ичимдик ичилген деп айтып атышат. Ошол айдоочулардын лицензиясы жок, жыйырма беш жыл мурунку эски автобус экен деп айтып атат. Бул жерде мамекеттик автоинспекция бар, алар эмнени караган буга чейин? Ал автобус үч айдан бери каттап аткан экен. Министрликтин алдындагы транспорттук инспекция бар, алар эмне кылып жүргөн? Аны токтотуш керек болчу. Мисалы, ошол автобуска түшкөн эл мамлекеттик органдарга ишенет да. Ошондуктан мен ойлойм, ошол эки балага эле күнөөнүн баарын жүктөп койбостон, тиешелүү органдар дагы аварияга жооп бериши керек. Бизде акыркы убакта ушундай болуп калды, кээ бир нерселерге шылтап коюп эле, тиешелүү жооп бере турган кишилер жооп бербей, ошол бойдон жабылып калган көп иш бар. Азыр эл да күтүп атат кандай чара көрүлөт экен деп.

- Жайында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов барып жолду оңдотууга бир топ миллион сом бөлдүм деп элди бир кубанткан экен. Ошол бөлүнгөн акча жетиптирби?

- Бюджеттен бөлүнгөн акчадан быйыл 2004-жылы бир миллион төрт жүз миң сом гана акча жетти. Эки миллион үч жүз миң сом каралган, ал да акча түрүндө эмес, солярка, тетиктердин ар кандай түрү менен жеткен. Азыр АБРдин 12 млн. сом гранттык долбоору бар. Буйгада көчкү болгондо премьер-министр баргандан бери болуп келаткан иш. 7 млн. сом азырынча бөлүнө элек. Азыр ошол маселени коюп атабыз. Аны дагы жакшылап кароо керек.

- Сооронбай мырза, Алайкуу өрөөнүнөн жолдун татаалдыгынан ал жердин тургундары башка жакка көчүп кетип атыптыр деген ар кандай пикирлер жетип атат бизге. Мына ушул маселе тууралуу сиздин пикириңизди уксак?

- Азыр Кыргызстандын бүт булуң-бурчтарынан ички миграция көп болуп атпайбы. Жаштар эң көп кетип аткан бул Алайкуу өрөөнү. Жаштар аз, элүүдөн жогору адамдар көп. Биздин статистикалык маалыматтар боюнча Кыргыз мамлекети бул жаш мамлекет. Ал жерде кимдер калды? Ал жерде ата-энесин караган жаштар калды. Кээ бир үйлөрдө неберелерин ата-энесине таштап коюп кеткен. Эмне үчүн кетип атат? Мен жана айткандай, ошол өрөөндүн келечеги жоктугунан, өрөөнгө көңүл бурулбагандан көбү кетип атат. Алайкуу өрөөнү чек ара менен чектеш өрөөн. Жогорку зонада эки айыл өкмөтү Кытай чек арасы менен чектеш жайгашкан. Союз мезгилдеринде эле айтылчу "чек араны чек арачы коргой албайт, эл коргойт" деп. Эгерде Алайкуудан элдин баары кетсе, эртең ал жерге, мен ойлойм, башка эл келет деп. Ошол жерде элди кармап калыш үчүн Алайкуу өрөөнү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу керек. Бул маселени иштеп атабыз. Буюрса өкмөттүн алдына коёбуз, депутаттар менен да сүйлөшүп, ушул маселени сессияга алып чыгалы деп атабыз.

Сүрөттө: Алайкуудагы опуртал жолдордон бир көрүнүш.
XS
SM
MD
LG