Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Оштон Москвага самолет уча баштады


ОШ. Аталган авиакаттам мындан алты жыл илгери экономикалык кыйынчылыктардан улам өзүн-өзү актабагандыктан токтоп калган эле. Ош аэропортунун директору Курманбек Акышев учурда Москвага учууга калк арасында жетишерлик талап пайда болгондуктан, аталган каттам кайра калыбына келтирилгендигин билдирди. Авиа каттамын уюштуруп жаткан бизнес сервис 777 компаниясынын маалыматына караганда, "ЯК-42" маркасындагы учак жумасына төрт жолу авиакаттамын аткарат жана билеттин баасы 170 АКШ долларын түзөт. Курманбек Акышев жакынкы келечекте Новосибирск, Үрүмчи жана Медина шаарларына да авиакаттамдарды ачуу пландаштырылып жаткандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG