Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

«Жайка» агенттиги Ысыккөлдү өнүктүрүүгө кам көрүүдө


БИШКЕК. Бүгүн кыргыз өкмөтү менен Жапониянын «Жайка» агенттигинин ортосундагы координациялык кеңештин жыйыны болду. Анда жергиликтүү жамааттар менен бейөкмөт уюмдар сунуштаган 72 долбоордун ичинен «Жайка» агенттиги тандап алган 43 долбоор талкууланды. Агенттиктин өкүлү Хажими Коудзуминин айтымында, булардын ичинен Чолпоната шаарынын канализациясын реконструкциялоо, Ысыккөлдү өнүктүрүү форумун түзүү, көчөт өстүрүү боюнча Каракол шаарындагы жайды калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирди. Ал эми өкмөт башчы Николай Танаев Ысыккөл районундагы «Тамчы» аэропортун жакшыртууну да сунуштаганда, Хажими Коудзуми аэропорттун каттамы менен анын экологияга зыян тийгизээр же тийгизбеси 2010-жылга чейин иликтенээрин билдирди. Жыйында «Жайка» агенттиги тандап алган 43 долбоор боюнча акыркы бүтүмдөр 10-октябрга чейин берилсин деген мөөнөт коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG