Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Министрлик электр жарыгысыз калганы турат


БИШКЕК. Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине электр жарыгын берүү токтотулмакчы. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын маалымдашынча Эмгек жана социалдык жактан коргоо министирлиги электркубаттына жеңилдик берилген атуулдар үчүн тиешелүү 15 млн. сомдук каражатты он айдан бери төлөгөн эмес. "Түндүк электр" ишканасы министрлик тарабынан жеңилдик берилген ардагерлерди жана майыптарды электр жарыгысыз калтыруунун ордуна, тиешелүү министрликтин электр жарыгын өчүрүүнү чечкен.

Ал эми Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги “Түндүкэлектр” ишканасына карыз пулун төлөгөндүгүн жана министрликте электр жарыгы өчүрүлө электигин билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG