Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Электр энергиясын экспорттоо көбөйөт


БИШКЕК. Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстан Орусияга дагы кошумча 500 миллион киловатт саат электр энергиясын сатат. Мындай маалыматты бүгүн «Электр станциялар» акционердик коомунун басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, быйыл Орусия Кыргызстандан бардыгы болуп бир жарым миллиард киловатт саат электр энергиясын алат.

Ал эми Казакстанга ушул убакка чейин бир миллиард 100 миллион киловатт саат электр энергиясы сатылды. Электр энергиясы мындан тышкары Кытай менен Тажикстанга сатылып, ушул убакка чейин жалпысынан 2 миллиард 100 миллион киловатт саат энергия экспорттолду.

XS
SM
MD
LG