Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Көрнөк, жарнамалар кыргыз тилинде жазыла баштамакчы


БИШКЕК. Өлкө аймагындагы, Бишкек шаарындагы көрнөктөр жана жарнамалар улуттук тил комиссиянын уруксаты менен гана илинмекчи. Алар алгач кыргыз тилинде, андан соң ырасмий тилде жазылат. Ошондой эле улуттук менталитетке ылайык келбеген ар кандай сүрөттөрдү жарнамаларда чаптоого тыйуу салынат. Бул тууралуу президент алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында тил комиссиясынын алдында атайын котормочулар бөлүмү түзүлгөн.

Учурда Бишкек шаарында эле 3 миңден ашуун жарнамалар бар. Алардын 90% ырасмий тилде жазылган. Ал эми мамлекеттик тил мыйзамынын 27-29 беренесинде “Көрнөктөр жана жарнамалар алгач улуттук тилде, андан кийин ырасмий тилде жазылуусу керек”, деп көрсөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG