Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Акыйкатчынын канча орун басары болору анык эмес


БИШКЕК. 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Акыйкатчынын орун басарларын шайлоо маселесин карап, бирок аларды шайлаган жок. Буга канча орун басар керек деген маселенин такталбагандыгы себеп болду. Палатанын адам укуктары боюнча комитети орун басарлык эки орунду ээлөө үчүн Акыйкатчы сунуштаган төрт талапкерди депутаттардын кароосуна койгон. Бирок Токтокан Боромбаева сыяктуу айрым депутаттар гендердик тең укуктуулук сакталбай калды деп, дагы бир орун басарлыкка аял шайлансын деген сунушу талаш жаратты. Айрым депутаттар эки жылдан бери орун басарын тандай албай 30 адамды убара кылган акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу орун басарсыз эле иштесин деген сунушту айтышты. Алардын мындай сунуштары катуу талашка айланганда, төрага 4-октябрга чейин танапис жарыялады.

XS
SM
MD
LG