Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Соңку күндөрү Багдадда Мисирдин 8 жараны барымтага алынды


Бул тууралуу Ирактын ички иштер министри маалымдады. Өткөн түнү "Иракна" аттуу зымсыз байланыш компаниясында иштеген эки мисирдикти куралчан адамдар кармап кетишкен. Шаршембиде Каирдик "Ораском" компаниясынын алты мисирдик жана эки ирактык кызматкери барымтага алынган.

Фаллужа шаарында бүгүн америкалык учактардын коштоосундагы аскерлер козголоңчуларга чабуул коюшту. Өткөн түнкү салгылаштарда он ирактык аскер жараат алганы кабарланды. Азырынча Иракта барымтада отурган эки француз журналисти жана бир британдык инженердин тагдыры беймаалым.

XS
SM
MD
LG