Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Сентябрь айында коомчулукта кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек чек ара маселесине байланыштуу ар кандай пикирлер жанданды. Кытай менен болгон чек ара тилкесине мамылардын орнотулуп бүтүшү, Премьер-министр Н.Танаевдин Шахимардан Өзбекстанга эмес, Кыргызстанга тиешелүү жер экенин ачык айтып чыгуусу жана маалымат каражаттарында депутат К.Бакиевдин чек ара маселесине байланыштуу суроолор менен Кыргыз өкмөтүнүн Аймактык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановго кайрылдык.

- Cаламат мырза, жакындан бери кайрадан кыргыз-кытай чек арасына байланыштуу айрым маселелер чыгып атат. 16-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети демаркация маселелерине каршы атайын чечим чыгарыптыр. Ушул боюнча сиздин түшүндүрмөңүз кандай?

- Чын эле ушул маселе азыр дагы эле кеңири коомчулуктун талкуусуна түшүп калган маселелердин бири болууда. Аталган маселе 16-сентябрда мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин курамында каралган. Кыргыз-кытай чек арасынын демаркацияланышы жөнүндөгү протоколдо биз мурдакы төрт келишимдин негизинде кабыл алынган сызыкты тактап, ошол сызыкка чек ара мамыларын орнотуу, мына ошол делимитацияланган сызык менен азыркы демаркацияланган сызыктын ортосундагы шайкештикти карап бергиле деп берген элек. Биздин бул документ комитеттин кароосуна 16-сентябрда беш жарым ай өткөндөн кийин каралып, комитет өзүнүн чечимин чыгарды. Бул комитеттин чечиминде негизинен ушул протоколдун долбооруна макулдугу берилип, бирок Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы талаш болуп жүргөн жерлердеги мурдакы келишимдерде такталган чек ара сызыктарына дагы эле макул эмеспиз деген пикирин билдирген. Чечимде ушул жерлери юридикалык күчкө ээ эмес деп айтылган.

- Саламат мырза, ошондой эле Кытай Премьер-министри менен жакында эле кол коюлган протоколдо дагы кошумча картанын коштоосунда протоколго кол коюлду деген атайын билдирүү таркап кетти. Мына ушул маселе тууралуу угармандарга түшүндүрмө берсеңиз?

- Демаркациялык ишти жүргүзгөн протоколдо чек аранын бир чекиттен экинчи чекитке чейин өтүшүнүн багыты тактап жазылат. Мына ошол протоколго жазылган сөздөр картага түшүрүлөт. Ошол карталар протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Эч кандай жаңы карталар түзүлгөн эмес. Бул делимитацияланган карталардын негизинде орнотулган чек ара мамыларынын орду такталып көрсөтүлгөн карталар. Ал менин түшүнүгүмдө мындай болду, кол коюунун алдында жарыя кылган адам туура эмес которуп алган. Жанагы тиркелген дегенди, кошумча карталар деп айтып алып, элдин арасында суроо пайда кылгандыгы ошондой нерседен деп түшүнөм.

- Кыргыз-кытай чек арасына бүт мамылардын бардыгы коюлуп демаркацияланды. Мына ошого байланыштуу дагы бир суроо. Быйылкы жылы Алайкуу жергесине барып калсак, ал жердеги жергиликтүү калк ошол мамылардын орнотулушу Кыргызстан тарапка көбүрөк жылып кетиптир дейт. Ушундай жылып кетүүлөр болдубу?

- Сызыктан эч кандай оош-кыйыш болгон жок. Мамылар так ошол сызыктын өзүндө орнотулду.

- Дагы бир маселе, өткөндө мыйзам чыгаруу жыйынынын палатасында Премьер-министр Николай Танаев депутаттарга чек ара маселеси боюнча жооп берип жатып, Шахимардан эч качан Өзбекстанга караган эмес. Ал жерди биз Өзбекстанга бербейбиз деп ачык айтты. Ушул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай, адис катары?

- Чындыгында 1924-1927-жылдары түзүлгөн чек ара бөлүштүрүүдөгү документтерге кайрылсак, ошол учурда Шахимардандын ордунда азыркыдай Өзбекстандын анклавы болгон эмес. Бирок кийинки учурда ошол жерде Өзбекстандын айыл кеңеши түзүлүп калгандан кийин 1955-жылдагы чек ара тактоодо ошол жер анклав катары белгиленип калган экен. Ошондуктан биздин Премьер-министрдин Шахимардан Кыргызстандын жери дегенинин мыйзамдуу негизи бар. Биз ошол учурда Ташкенде кезектеги сүйлөшүүнү өткөрүп жаткан элек. Өзбекстан тарап ошол күнү эле сүйлөшүү жүрүп атканда интернеттен алып, маалыматты бизге алып келип алдыбызга таштап койду. Биз сүйлөшүү жүргүзүп атсак, депутаттарыңар ушундай маселе көтөрүп, Премьер-министриңер ушундай жооп берген экен деп. Эми биз өзүнүн эрежесине карата бул маселени сүйлөшүүнүн үстүндө чечишибиз керек. Ал эми биздин Премьер-министрдин айткан сөзүндө абдан терең жүйөө бар. Аны силер түшүнүшүңөр керек деп жооп бердик.

- Массалык маалымат каражаттарда талкууланып келе жаткан дагы бир маселе - Үзөңгүкууш, Сох маселесине келгенде бүгүнкү күндө президенттикке өз талапкерлигин коём деген саясатчы Курманбек Бакиевди күнөөлөп, Сохту Өзбекстанга берип койду, Үзөңгүкуушту парламентке алып чыккан Бакиев деп массалык маалымат каражаттары жаза баштады. Ушул боюнча адис катары сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул маселени саясий оюндун бир методу катары түшүнсө болот. Курманбек Салиевич Премьер-министр болуп турган кезинде кыргыз-кытай чек арасы боюнча кошумча келишимди парламентке өкмөттүн атынан сунуш кылган эле. Менин оюмча, Премьер-министр катары ал киши ушундай актыны, ушундай аракетти аткарууга милдеттүү да болчу. Ошондуктан аны алып чыкты деп күнөөлөгөнгө эч кандай негиз жок. Курманбек Салиевич болобу, башка Премьер-министр болобу - бары бир бул маселени парламенттин алдына коюга милдеттүү болор эле. Сох маселеси боюнча, ал жерде эч кандай Сохтун жанындагы жерлерди Өзбекстанга өткөрүп берүү деген чечиле калчу маселе коюлган эмес. Ал изилдене турган маселе катары коюлган. Ошону менен бирге дагы жети-сегиз бөлөк маселелер коюлган комплекстүү түрдө. Ошонун ичинде биздин көйгөйүбүздө турган Барак анклавына ачылуучу жолдор, биздин ар кайсы өрөөндөрдө чек ара менен буулуп калган отуздан ашык кыргыз айылдарынын тагдыры, ошолорго ачылчу жолдор жөнүндөгү маселелер каралаган болчу. Ошончо чоң маселелердин ичинен бир Сохту алып эле, ошонун тегерегинде чуу чыгаргандык бул саясий оюндун бир үзүмү деп эсептөөгө болот. Ошондуктан бирөөнө күнөө артып, ушундай иштер боюнча аксатайын деген методдор бул кир технологиянын методдоруна кирет деп ойлойм.

- Рахмат, куруп берген маегиңиз үчүн.

25.9.2004.

XS
SM
MD
LG