Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

БОРБОРАЗИЯ БИЙЛИКТЕРИ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДАН ЭМНЕ ҮЧҮН КОРКУШАТ?


Борбор Азияда иштеген чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар көпчүлүк убакытта жергиликтүү бийликтердин бут тосууларына, кас мамилесине кабылышат. Өткөөл процесстердин заманында борборазия жумурияттарынын жетекчилери алардын миссиясына ишенбөөчүлүк менен карашат.

Чет өлкөдөн келген өкмөттүк эмес уюмдардын Борбор Азиядагы ишмердүүлүгү башынан эле оңой болгон эмес. Бара-бара кырдаал андан да начарлай түштү.
Өзбекстанда өкмөт алардын кээ бирлерин каттоодон ажыратып, калгандарын ачык сындай баштады.

"Тилекке каршы, Борбор Азиянын кээ бир мамлекеттеринде бейөкмөт уюмдар катуу кысымга алынууда, өзгөчө Өзбекстан менен Түркмөнстанда. Өкмөттүк эмес уюмдар бир нече багытта иш алып барат, анын ичинде саясий элемент да бар. Мындан улам, жергиликтүү бийликтер алардын ишине ар кандай тоскоолдуктарды жаратышат”, - дейт Эл аралык кризис тобунун Кыргызстандагы өкүлү Дэвид Льюис.

Кеңсеси АКШда жайгашкн Евразия тобунун төрагасы Ян Бремер Борбор Азия жумурияттарында иштеген бейөкмөт уюмдардын башкы максаты саясий реформалар деп ырастайт:

- Бейөкмөт уюмдардын чөлкөмдөгү ишмердүүлүгү көбүрөөк саясатташкан. Мисалы, Ооганстанда кайра куруу иштери биринчи планда турат. Борбор Азияда болсо биз маалымат каражаттары, саясий реформалар ачык, граждандык коом курууда жардам көрсөтүү жаатында эмгектенебиз.

Анын пикиринде, Борборазиялык жетекчилер Батыш адам укуктарынын, эркиндиктеринин бузулушу үчүн эле регионду калтырып кетпейт деп эми катуу ишенип калышты.

Өткөн аптанын башында Ташкен Интерньюс эл аралык медиа уюмунун ишмердүүлүгүн убактылуу токтоттуруп койду. Өзбекстандын юстиция министрлигинин ырастоосунда, уюм өз эмблемасын каттоодон өткөрбөй, борбор калаанын сыртындагы ишмердүүлүгү, жетекчилердин так саны жана жаңы адреси жөнүндө министрликти кабардар кылган эмес.
Өзбек бийлигинин бул кадамын Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия боюнча башкы координатору Алекс Лупис мындайча комментариялайт:

- Интерньюс эки тармакта иш алып барат. Уюм радио жана тележурналисттер үчүн тренинг өткөрүп турат. Бул жагынан алганда Интерньюс адискөй, көз карандысыз, эффективдүү журналисттерди окутууга көмөк көрсөтүп, өкмөткө коркунуч туудурат. Анткени бийликтегилер маалымат каражаттары мурункудай саясий көзөмөлгө алынып туруш керек деп эсептешет. Экинчиден, Интерньюс Өзбекстандагы сөз эркиндигинин бузулушу жөнүндө мыкты отчет-баяндама жасап турчу.

Соростун Ачык коом институту да жакында Өзбекстанда каттодон өтө албай калды. Юстиция министрлиги уюмду “олуттуу мыйзам бузуулар” үчүн айыптады. Институт Тажикстанда да бир топ кыйынчылыктарга туш болууда.

- 14-сентябрга дейре өкмөт же мамлекеттик маалымат каражаттары болобу бизге эч качан кысым көрсөтчү эмес. Бир эле заматта өкмөттүк гезиттердин бардыгы эле бизге каршы макала басып чыгара башташты, - дейт Ачык коом институтунун Тажикстандагы жетекчиси Ойнихол Бобоназорова.

Эч кандай далилсиз жазылган ошол макалалардын кээ бирлеринде уюм коррупция үчүн күнөөлөнөт. Эки жумуриятта тең парламенттик шайлоо жакындап келатканын айта кетүү абзел.

Алекс Лупис эми борборазиялык лидерлер грузин сценарийинин кайталанышынан чочулашат деп эсептейт:

- Эдурад Шеварднадзени бийликтен кулатууда көз карандысыз маалымат каражаттары жана бейөкмөт уюмдар таасирдүү ролдордун бирин ойногондуктан, Грузияда былтыр жыл аягында болгон окуялар башкаларды ойлондурбай койбойт.

Россиялык “Коммерсант” гезити кыргыз президенти Аскар Акаевдин өткөн жумада Москвада сүйлөгөн сөзүн келтирет: “Жибек ыңкылабы" тактикасы эми КМШнын башка өкмөттөрүн алсыратууга колдонулуп жатат”, - деген экен Кыргызстандын президенти.

XS
SM
MD
LG