Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

АЙЫЛ-ЧАРБАНЫН АБАЛЫНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК ӨЗ БААСЫН БЕРДИ


Азиза Турдуева, Бишкек Дүйнөлүк банктын эксперттери Кыргызстандагы агрардык реформанын жүрүшү боюнча аналитикалык иликтөө-баяндамасын жарыялады. Анда өлкөдөгү агрардык реформанын биринчи жана экинчи баскычында орун алган ийлигиктер менен кемчиликтер белгиленип, сунуштар айтылды.

Кыргызстандын экономикасында айыл чарба маанилүү ролду ойнойт жана ички дүң продукциянын 36 пайызын түзөт. Өлкөдөгү агрардык реформаны ишке ашырууга башка эл аралык каржы уюмдары менен катар Дүйнөлүк банк да техникалык жана каржылык жардамдарды көрсөтүп келүүдө. Дүйнөлүк банктын экспеттери Кыргызстандагы агардык-жер реформанын 1991-2003-жылдардагы өнүгүшү боюнча иликтөө-отчетун жарыялап, анда оң көрүнүштөр катары бир катар факторлор белгиленген.

Иликтөө-баяндамада 1996-жылдан тарта Кыргызстандын айыл-чарба секторундагы өндүрүштүн көрсөткүчтөрү жогорулай баштагандыгы жөнүндө айтылган. Бул ийлигик жерди иштетүүдөгү натыйжалуулук, эмгектин өндүрүмдүүлүгүнүн эсебинен жетишилген.

Баяндамада өзгөчө жер реформасынын алкагындагы ийгиликтер, ирригациялык сситемалардын оңдолушу, баалардын либералдашы, айылды каржылоо институттарынын калыптанышы жана башкалар белгиленген.

Бирок иликтөөлөр көрсөткөндөй, мал чарба тармагындагы көрсөткүчтөр төмөн деңгээлде кала берүүдө. Айыл жериндеги экономиканын абалы да иликтөөдө начар деп мүнөздөлгөн. Башкы кемчиликтердин бири катары айыл чарба продукциясын сатуу проблемалары, элет жериндеги калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү, айыл тургундары үчүн кредит алуу маселелеринин татаалдыгы белгиленген.

Дүйнөлүк банктын эксперттери ошону менен бирге өз баяндамасында агрардык реформаны алдыга жылдыруунун жолдору катары айрым сунуштарды да айткан. Анда тармактын көрсөткүчтөрүн жогорулатуунун шарттары катары өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, жаңы техникалык жана биологиялык инновациялык жаңылыктарды киргизүү, мал чарба тармагында экстенсивдүү системаны өнүктүрүү, жайыттарды жакшыртуу жана башка маселелер белгиленген.

Мында ошондой эле, өлкөдөгү жеке дыйкан-чарбаларга техникалык жардамдарды көрсөтүүнүн, кредит алуунун жолдорун жөнөкөйлөштүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө да айтылган.

Ушул жылдан тарта өлкөдө агрардык реформанын үчүнчү баскычы башталды. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк белгилегендей, мындагы башкы максаттардын бири – айыл чарба тармагында кайрадан кооперация системасын түзүү болуп эсептелет.

Анын айтымында, кооперациялар түзүлсө, дыйкандар өздөрүнүн өндүргөн продукциясын сыртка алып чыгып сатууда, техникалык жабдууларды пайдаланууда кыйла жеңилдиктерди алышат жана бул жалпысынан эле тармактын абалын жакшыртууга алып келет.

Жакында кыргыз өкмөтү өлкөнүн 2010-жылга чеийнки ишке ашырыла турган агрардык саясаты боюнча концепцияны иштеп чыккан. Учурда айыл чарба министрлиги аны ишке ашыруу боюнча иш-пландарды тузүүдө.

Анын алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканаларды куруу, экспортко иштей турган мекемелерди көбөйтүү, дыйкан-чарбаларга, кооперативдерге каржылык жана техникалык жардамдарды жогорулатуу, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, элет жеринде тейлөө кызматын, инфраструктураны жакшыртуу багыты боюнча иш-чаралар жүргүзүлмөкчү.

Министр белгилегендей, концепцияны ишке ашырууга мамлекет, эл аралык донорлор жана жеке сектор катышышы зарыл:

-Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийликтин, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун биргелешкен аракеттери менен өлкөнүн агрардык стратегиясын ишке ашыруу зарыл. Анда эң башкы орунду өзүнүн социалдык жана өндүрүштүк муктаждыктары менен дыйкан ээлемекчи. Ал эми Кыргызстандын экономикасынын агрардык секторунун объективдүү өнүгүүсү бул маселе чечилиши мүмкүндүгүн билдирет .
XS
SM
MD
LG