Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

"ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛДӨ" СПИД КОРКУНУЧУ ТАЛКУУЛАНДЫ


СПИДге каршы күрөшүүнүн жолдору камтылган программанын алкагында мамлекеттик эмес уюмдардын "тегерек үстөл" жыйыны өттү. Адамдын иммундук таңсыктыгы жана СПИДге каршы күрөшүүдө манзаттарды ташууга каршы астейдил иш болмоюнча СПИД илдетине чалдыккандардын катары көбөйө берерлигин ырасташты.

СПИДге каршы биргелешип күрөшүүгө арналган "тегерек үстөл" жыйынында мамлекеттик эмес уюмдардын иштерин координациялоону күчөтүү маселеси талкууланды. Ошону менен бирге эл аралык донорлордун берген каражаттарын мамлекеттик эмес уюмдар кандай пайдаланып жатканы кабыргасынан коюлду. Кыргызстан боюнча беш миңдей мамлекеттик эмес уюмдар бар. Алардын ичинен алты уюм СПИДге жана бангиликке каршы күрөшөт.

Адам өмүрүнө коркунуч туудурган СПИДдин Кыргызстанда жайылышы коомчулуктун кооптонуусун жаратууда дешти эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Мындай айтканда бул жаатында иш жүргүзүүчү мамлекеттик эмес уюмдардын катарын көбөйтүү керектиги сунушталды.

Адгенде СПИД илдетине чалдыккандардын катары эмне себептен көбөйүп баратканы тууралуу сөз болду. Анда СПИДдин өлкөнүн түштүк аймагында кулач жайып баратканына маңзаттар ал аймакта көп ташылаары менен түшүндүрүлдү. Ош облусунун СПИД борборунун жетекчиси Түгөлбай Мамаев буга байланыштуу мындай деди:

- Кыргызстан маңзаттарды өстүрбөгөн өлкө болгону менен ташуунун чордондуу жолу экени айкын. Бул азыр жашыруун деле болбой калды. Өлкө боюнча СПИД вирусуна чалдыккандардын 60 пайызын Ош облусу түзгөнү буга далил. Анткени бул аймакта маңзаттарды колдонгондордун катары күн сайын өсүп баратат. Алардын 80 пайызы маңзаттты ийне аркылуу колдонгондор. Андыктан СПИДге каршы күрөшүүнү маңзаттарды ташууга каршы күрөшүүдөн баштоо керек. Антмейин СПИД вирусуна чалдыккандардын катары дагы өсүшү мүмкүн. Бул боюнча мамлекеттик эмес уюмдардын катарын көбөйтүү деле анча натыйжасын бербейт деген ойдомун. Маселе каражат менен чечилет эмеспи. Мына маңзаттарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттик ачылды. Бул боюнча иштеген кызматтар көп. Андыктан бул олуттуу проблема мамлекеттик деңгээлде көтөрүлмөйүн аны жоюу кыйын.

Ушундай деген адистин сөзүн "тегерек үстөл" жыйынынын катышуучулары четтен колдошту. Адистер СПИД жана бангиликке каршы күрөш программасынын аткарылышы боюнча отчеттук жыйын өтүшүн туура көрүштү.

Бул илдеттин адам баласы үчүн коркунучтуулугун жоюу эл аралык уюмдар тарабынан курч коюлуп, чектеш жайгашкан мамлекеттер СПИДге каршы биргелешип күрөшүү боюнча глобалдык программаны көтөрүп чыкканы белгиленди.

Борбор Азияда жайгашкан Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан - төрт мамлекеттин ортосунда жугуштуу илдетке каршы биргелешип күрөшүү меморандумуна кол коюлгандыгына токтолушту. Бул маселеде өлкөдө эң жакшы иштеп жаткан уюм деп СОЦИУМ аталды. Ал бангиликке байланган адамдар менен иш жүргүзүп жаткан жалгыз уюм. Анын жетекчиси Батма Эстебесова маселе тууралуу мындай деди:

- СПИДге каршы күрөшүү олуттуу көйгөйлөрдүн бирине айланып турат. Бул жаатында бир топ эле уюмдар юридикалык каттодон өткөнүн билебиз. Бирок кандай иш жүргүзүп жаткандыгы тууралуу анчалык маалымат жок. Кээ бир уюмдар чет элдик донорлордун жардам алыш үчүн түзүлөт деген сөздөр да бар. Биз таап, иштеп жаткан адамдар бангиликке көз каранды болгондордун төрт пайызын эле түзөт. Калгандары каякта? Көпчүлүк учурда бизге кайрылгандан коркушат. Тартип коргоо органдарынын колуна түшүп калабыз деп чочулашат. Ошондуктан бул илдеттерге чалдыккандардын укуктук нормаларын камсыз кылуу зарыл. Ар бир адамды өзүнө өзү жардам берүүгө чакырып, ага көмөктөшүбүз керек.

Батма Эстебесова сөзүн андан ары минтип улантты:

- Бир эле ийне менен эки-үч адам катары менен сайынуудан сактануу үчүн акысыз ийне берүү ыкмасынан иш баштаганбыз. Учурда бангилигин таштап, өздөрү башкаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп иштеп жаткандар бар. Аларды жумуш менен камсыз кылууга, жолкире, тамак-ашы үчүн жардам көрсөтүп, коомчулукка аралашуусуна багыт берип, жакшы, сергек жашоосуна шарт түзүп жатабыз.

Эстебесова бул маселеде иш алып барган мамлекеттик эмес уюмдар өкмөттүн колдоосуна муктаж экендигин жашырган жок. Жок дегенде "тегерек үстөл", семинар, кеңешмелерди өткөрүүгө акысыз жайларды берүү, ээлеген имараттардын салык акысынан бошотуу жагы өкмөттүн колдоосуна алынса натайжалуу иштөөгө көмөк болмок деди. Анын мындай оюн Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү колдоп чыгышты.

Жыйында Британиялык эл аралык өнүгүү министрлиги Борбор Азия чөлкөмүндө СПИДге каршы күрөшүү үчүн жакшы колдоо көрсөтө тургандыгы жарыя болду.

Жыйындын соңунда Кыргызстанда СПИД, ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын катары 550, ал эми маңзаттарын колдонгондордун катары 6 миңди түзгөнү маалымдалды. Бул ырасмий маалымат боюнча айтканда. Бейрасмий маалыматта бул сан жүз эсеге барабар делет.

Байкоочулар анын себебин өлкөдөгү жакырчылык жана жумушсуздук, экономикалык кырдаалдан көрүп жатышат. "Тегерек үстөлдүн" катышуучулары СПИДдин тездик менен өсүү тенденциясын маңзаттарды сайынган адамдардын көбөйүшүнө байланыштуу деген жыйынтыкка келишти.
XS
SM
MD
LG