Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

БЕЙӨКМӨТ УЮМ «ГАРДИАН» ГЕЗИТИН СОТКО БЕРЕБИ?


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Ушул апта ичинде «Гардиан» гезити Кыргызстанга Британиялык фирмалардын бири 1800 тонна уран калдыктарын ташып келери тууралуу маалымат таратты. Эгер мындай маалыматтын чындыгы болсо бейөкмөт уюмдардын бир катары Кыргыз өкмөтүнүн кызматтан кетишин талап кылат. Жалган болуп калган жагдайда британиялык «Гардиан» гезитин сотко берет. Коомерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы ушундай билдирүү жасады.

“Гардиан” гезитинин жазганына караганда, Кыргызстанга кайра иштетүү максатында ташылып келери болжолдонгон уран таштандылары британиялык Magnox өзөктүк реакторунун алгачкы иштетилишинен чыккан жана ал Спрингфилд өзөктүк энергетика станциясында сакталып турат. Сактоочу жайдын радиациялык таасири күчөп кетиш ыктымалдыгын алдын алуу максатында калдыктардын ордун которуу ишин азыр British Nuclear Fuels компаниясы ишке ашырууда.

Британиялык компания менен Карабалта тоо-кен комбинатынын ортосунда уран калдыктарына байланышкан долбоор боюнча сүйлөшүүлөр башталганына ушул октябрда эки жыл болот. Бул аралыкта долбоорго байланыштуу көз карандысыз комиссия түзүлүп, ал Британиядагы аталган таштандыны Кыргызстанга ташып келип, кайра иштетүү айлана-чөйрөгө жана адам өмүрүнө коркунуч туудурбайт деген бүтүм чыгарган.

Бирок, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү уу зат калдыктарын Кыргызстанга ташуу улуттук кызыкчылыктарга каршы келет деп, бул демилгени колдобой келишет. Карабалта тоо-кен комбинатынын мындай демилгесине кыргыз өкмөтү да каршы.

Өкмөт долбоорго каршы экенин жакында премьер министр Николай Танаев Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын өнөр жайды өнүктүрүү комитетинин төрагасы Владимир Толоконцевдин наамына да жолдоду. Андан мурдараак депутат долбоорду колдоп берүү сунушун билдирип, президент Аскар Акаевге кат жөнөткөн болчу:

- Мен кубаттайм. Мен ишкананын иштешин каалайм. Ал жерде корко турган эч нерсе жок. Калдыктарды сактоочу жайда бош орун бар. Ал дагы 20 жылга жетет. Бирок, калдыктарды сактоочу жайда кармаш үчүн акча керек. Мен билгенден маселен, Казакстан уран сырьесун берип, Кыргызстан иштетип, Россия сатып алган «чынжыр» ишке киришти. Эми ага кошумча бул долбоор ишке кирсе чочуй турган эч нерсе жок.

Карабалта тоо-кен комбинатынын директору Нарынбек Кожакматовдун айтымында, Кыргызстанга британиялыктар таштанды алып келет экен деген сөз жалган. Ал экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уруксатысыз ишке ашпайт. «Министрлик болсо тилекке каршы өлкө аймагын таштанды жай кылуунун кажети жок деген негиздеме менен лицензия берүүдөн ушул жайда баш тарткан» дейт директор. Директордун айтымында, комбинат иштетүүгө ниеттенип жаткан ташдандынын курамында адам өмүрүнө, экологияга коркунуч келтирерлик уран заты бар экен деген божомол туура эмес. Долбоордун чегинде ташыла турган таштандынын 95%ин графит заты түзөт, демек, «Магнокско» таандык радиактивдүү таштанды жөнүндөгү маалымат да туура эмес. Бул долбоор ишке ашса, кыргыз тараптын экономикалык жана стратегиялык кызыкчылыгына жооп бермек дейт.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы болсо кокус «Гардиан» гезити жазган маалымат чын болсо өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууга даяр.

- Беш-алты жерден сураштырдык. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги лицензия берген жокпуз дейт. Бул тоо-кен комбинатынын өзүм билемдиги болушу мүмкүн же «Гардиандын» кезектеги «өрдөгү» болушу керек.

Анын айтымында, эгер Британиялык гезиттин маалыматы жалган болсо, ал материалдык жана моралдык чыгым төлөшү керек. Анткени, мындай маалыматтар Кыргызстанга инвестициялардын, туристтердин келишине бөгөт болот.

Ошентип, Британиялык уу зат таштандыларына байланышкан талаштуу долбоордун мындан аркы тагдыры кандай чечилери белгисиз. Карабалта тоо-кен комбинатынын жетекчилиги өкмөттүн макул эместиги британдыктардын долбоордон баш тартышын шартташы мүмкүн деген ойдо. Бирок, бул маселени тараптар күн тартибинен алып салуу же ишти улантуу тууралуу бир пикирге келише элек.
XS
SM
MD
LG