Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

ИРАКТАГЫ ШАЙЛОО ӨЗ УБАГЫНДА ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ


Нарын АЙЫП, Прага Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттардын Жалпы Ассмблеясынын сессиясында 24-сентябрда Ирактын утурумдук премьер-министри Айяд Аллави чыгып сүйлөдү. Анын айтымында, келерки жылдын январына белгиленген шайлоо өз убагында жана бардык шайлоочулардын катышуусу менен өтөт. Анткен менен АКШ коргоо министринин айтымында, коопсуздук камсыз болбой жаткандыктан, Ирактын кээ бир аймактарында шайлоо өткөрүлбөй да калышы мүмкүн.

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд 23-сентябрда Вашингтондо сүйлөп, Ирактын кээ бир дубандары добуш берүү үчүн дагы эле коркунучтуу бойдон калып жаткандыктан, январга белгиленген шайлоо, мүмкүн, өлкөнүн төрттөн үч же бештен төрт аймагында гана өткөрүлүшү мүмкүн деп билдирген. Маселеге дароо америкалык Конгресс көңүл бургандыктан, анын эртеси мамлекеттик катчынын орун басары Ричард Эрмитиж атайын билдирүү жасап, андай жарым-жартылай шайлоо өткөрүү Ирактагы америкалык жетекчиликтин пландарында жок деп билдирди.

Ирак шийилеринин башчысы аятолла Али ал-Систани дагы өз тынчсыздануусун билдирип, шайлоо толук түрдө жана бардык шайлоочуларын катышуусу менен өтүүгө тийиш деп жарыялады. Систанинин пикиринде, шайлоо Бириккен Улуттардын көзөмөлү алдында өткөнү дагы өзгөчө мааниге ээ.

Ирактын утурумдук премьер-министри Айяд Аллави 24-сентябрда Бириккен Улуттардын сессиясында чыгып сүйлөгөндө шайлоо өз убагында жана толук ченемде өтөөрүнө дүйнө коомчулугун ишендирүүгө аракеттенди: "Коопсуздук Кеңешинин чечимдери жана утурумдук өкмөт тууралуу мыйзамдарга ылайык биз январга белгиленген шайлоону демократиялык түрдө өз мөөнөтүндө өткөрүүгө даярданып жатабыз. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, биз сиздердин жардамыңыздарга таянып, алдыга коюлган талаптын баарын аткарууга кудуреттүүбүз".

АКШ президенти Жорж Буш дагы 25-сентябрда билдирүү жасап, Вашингтон Иракка бардык мүмкүн болгон жардам көрсөтөөрүнө убада кылды. Ошол эле 25-сентябрда "Нью-Йорк таймс" гезитинде мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин интервьюсу жарыяланды жана анын айтымында, келерки айда Ирак маселеси боюнча ири эл аралык конференция өткөрүү пландалып жатат. Ага Европа Биримдигене кирген өлкөлөр, Иран, Йордания, Кувейт, Мисир, Орусия, Сауд Арабия, Сирия, Түркия жана башка мамлекеттер катышып, Ирактагы шайлоону кантип убагында жана элдин толук катышуусу менен өтөрүү жолдорун талкуулайт.

Бирок кээ бир эксперттер бул конференция Ирактан мурда Вашингтондун өзүнүн кызыкчылына иштейт деген пикир билдирүүдө. 2-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болот жана анын алдында октябрда Ирак боюнча чоң жыйын өтүп, ага негизги дүйнө мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн келгени - президент Буштун өкмөтүнө каршы акыркы мезгилде айтылып жаткан орчундуу күнөөлөрдү жумшартууну көздөгөн аракетке окшош. Оппозиция тараптан президенттикке көрсөтүлгөн талапкер сенатор Жон Керринин айтымында, Ирак согушун өз алдынча баштап алып, президент Буш дүйнөлүк коомчулук менен АКШ ортосундагы мамилени бир кыйла начарланткан.

Бул маселе боюнча АКШны толук колдогон Британиянын коомунда дагы өкмөткө каршы пикирлер көп айтыла баштады. 16-сентябрда Иракта барымтага алынган британиялык жаран Кеннет Бигли 25-сентябрда, ал эми аны менен кошо кармалган эки америкалык жаран андан мурда өлтүрүлгөнү тууралуу кабарлар тарады. Коомчулуктун пикиринде, террорчулар менен эч кандай сүйлөшүү болбош керек деп, туткунга алынгандарды бошотуу үчүн британ өкмөтү жетиштүү чара көргөн жок.

Иракта болсо улам жаңы адамдар барымтага алынууда жана эгер мурда алар көчөдө туткундалып кетсе, күнөөсүз адамдарды согушкерлер азыр кайтарылган үйлөр жана кеңселерге кирип кармап кете баштады. Бул дагы Ирактагы коопсуздук канчалык начар экенинин белгилеринин бири.

XS
SM
MD
LG