Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Бишкекте көчө театрларынын фестивалы өтөт


БИШКЕК. Жакында баш калаада көчө театрларынын “Бишкектин жашыл театры” деген аталыштагы эл аралык фестивалы өткөрүлөт. «Мындай маданий иш чара кыргыз театр өнөрүнүн тарыхындагы биринчи саамалык»,- деп билдирди “Ак кайың” корунун жетекчиси Жыпариса Көчөрбаева. Анын айтымында, режиссер Темир Бирназаров “Карагул ботом “ элдик поэмасынын негизинде даярдап жаткан спектакль көчмөн элдердин улуттук дөөлөттөрүн, философиялык дүйнө таанымын, руханий байлыгын ачып берүүнү максат кылат. Бул эл аралык долбоорго Монголия жана Казакстандын актерлору чакыртылган.Даярдалып жаткан “Карагул ботом”спектакли Польшада өтүүчү көчө театрларынын эл аралык фестивалына жолдомо алган.

XS
SM
MD
LG