Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Таласта Евроазия корунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө арналган жыйын өттү


ТАЛАС. Жыйында Евразия фондусу Борбордук Азияда 1993-жылдан бери иштеп, жергиликтүү демилгелерди, жеке менчик ишкерликти, демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоо үчүн 20 млн. доллардан ашуун грант бергендиги айтылды. Ал эми Кыргызстанга фонд 270тен ашуун долбоорго 5,5 млн. доллардан көп суммадагы грант берген. Жыйындын экинчи бөлүгү кызматташууну өркүндөтүү багытында жүрдү.Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер, көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери Евразия фондусунун Таласта биринчи жолу өткөрүлгөн ачык эшиктер күнүнө катышып, Евразия фондусунун быйылкы жана алдыдагы жылдардагы артыкчылыктуу багыттары туурасында пикир алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG