Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Баткен облустук кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 25-отуруму өттү


БАТКЕН. Облустук Кеңештин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевге Баткен облусунун ардактуу атуулу наамын ыйгаруу маселеси каралды. Жыйынга катышкан 31 депутаттын жыйырмасы жаңы облусту түзүү менен өлкөнүн эң артта калган аймагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн өлкө башчысына облустун ардактуу атуулу наамын ыйгарууга макулдук беришти. Облустук кеңештин төрагасы Абзал Кочкоровдун маалыматына караганда, жыйынга катыша албай калган дагы беш депутат да бул маселеге алдын-ала макулдугун билдиришкен. Депутаттардын макулдугу менен ушундай эле наам облус борборунун көркөм жасалгасын арттырууга жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Эл баатыры, белгилүү бедизчи Тургунбай Садыковго да бериле турган болду. Мындан сырткары Баткен облусунун гимни үчүн жазылган ырдын сөзүн кабыл алуу маселеси да каралды. Анда гимнди тандоо боюнча түзүлгөн көркөм кеңештин үч сунушу каралып, жергиликтүү акын Айнагүл Шүкүр кызы жазган гимдин сөзү кабыл алынды. Кабыл алынган гимдин сөзүнө обон жаратуу маселеси республикага белгилүү обончу, композиторлорго сунушталмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG