Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстанда баңгичилик көбөйүүдө


БИШКЕК. Кыргызстанда ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккан адамдардын саны кийинки жылдары 24 эсеге өстү. Айрыкча, Ош облусунда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Алардын 82% баңгичилер. Ал эми Казакстан,Өзбекстанга салыштырмалуу баңги заттарын колдонгондор боюнча Кыргызстан биринчи орунда турат. Мындай маалымат “Өнөктөштүк байланыш” ассоцациясы баңгичилик жана ВИЧ-СПИД проблемаларына арнап, Бишкекте өткөргөн «тегерек үстөл» жыйынында айтылды.Ошондой эле жыйында “Зыянды азайтуу” коомдук уюмунун бет ачары болду. ВИЧ-СПИД илдетине каршы күрөшүү багытында «Кыргызстан-Сорос” кору, ЮСАИД жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы каржылык жана усулдук көмөк көрсөтүп жатканын “Зыянды азайтуу” коомдук уюмунун жетекчиси Батма Эстебесова билдирди.

XS
SM
MD
LG