Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Кыргызстанда ишкерлик кылууга шарт бар


БИШКЕК. Кыргызстан дүйнөдөгү 145 мамлекеттин ичинен ишкерлик кылууга жагымдуу шарты бар өлкөлөрдүн экинчи тобуна кирди. Аны Дүйнөлүк банктын иликтөөсү көрсөттү. Дүйнөлүк банк жети көрсөткүч, тактап айтканда, фирма ачууга зарыл шарттын даярдыгын, кызматкерлерди ишке алуу жана бошотуу, жеке менчикти каттоого алуу, кредит алуу мүмкүнчүлүгүн, келишимди сөзсүз түрдө аткаруу жана кудуретсиздик жагдайларын иликтөөгө алган. Бул көрсөткүчтөр боюнча мамлекеттер беш топко бөлүнүп, биринчи топко аталган шарттардын бардыгы бар мамлекеттер киргизилген. Натыйжада, биринчи топко Жаңы Зеландия, АКШ, Сингапур, Гонконг жана Австралия кирген. Мындай шарттар такыр жок өлкөлөрдүн катарын Индия, Египет, Индонезия, Малазия, Эквадор жана Африкадагы бир топ мамлекеттер түзгөн. Ал эми экинчи топко Кыргызстан менен бирге Латвия, Литва, Эстония, Орусия, Армения, Грузия жана Казакстан кирген. Азербайжан, Беларусь жана Украина болсо төртүнчү топтогу мамлекеттердин тизмесине түшкөн.

XS
SM
MD
LG