Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

АКШ Ооганстанда талибдердин кол салуулары күчөй турганын эскертти


КАБУЛ. АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин командачысы генерал-лейтенант Дэвид Барно 9чу октябрга белгиленген президенттик шайлоого жолтоо болуу максаты менен чабуулдарын күчөткөнүн айтты. Бул жөнүндө генерал бүгүн Кабулда өткөн пресскоференцияда баяндады.
Бүгүн Германиянын коргоо министринин өкүлү Ооганстанда жайгашкан немец бөлүктөрү Кабулдун түштүк тарабына жаңы аскердик лагерь салып, келерки жылдын башына белгиленген жалпы шайлоонун коопсуз өтүүсүнө кам көрө турганын айтты. Бүгүн Ооганстандын түштүк аймактарында талибдер менен болгон салгылашууда Ооганстандын тогуз аскери курман болду.
2001-жылы бийликтен кулатылган талибдердин кол салууларынын мизин кайтарып, өлкөдөгү абалды турукташтыруу максаты менен Ооганстанда АКШ баштаган антитеррордук коалициянын 17 миң солдаты жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG