Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:46

АКШнын Флорида штатында капсалаңдан сактануу үчүн 800 миң киши эвакуацияланды


МАЯМИ. АКШнын түштүк чөлкөмүндө жайгашкан Флорида штатында Жоанна капсалаңынын коркунучуна байланыштуу 800 миңдей киши эвакуацияланды. Атлантика менен батышты карай жылып бараткан шамалдын ылдамдыгы саатына 160 километрге жетет, капсалаң жекшембиде Флоридага келеери божомолдонот.
Расмий маалыматтар боюнча, капсалаңдан 4 миллион 700 миңдей киши жабыркап, 1 миллиондон ашык имарат кыйрап калышы ыктымал. Ушуну менен Флорида бир эле сезондун ичинде төртүнчү жолу алааматка кабылганы турат. Адистер мындай кайтоолдогон кырсыктар бул аймакта бир кылымдан ашык убакыттан бери боло элек экенин айтышат. Жаратылыш кырсыгынан штатка миллиондогон доллар чыгым келтирилип, курман болгон адамдардын саны 70ке жетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG