Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Түркия ирактык күрддөрдүн эгемендик мүдөөлөрүнүн кесепеттеринен деп кооптонууда


АНКАРА. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл АКШнын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Колин Пауэл менен болгон сүйлөшүүдө Ирактын Киркук шаарынын күрддөрдүн көзөмөлүндө турганына тынчсызданып жатканын билдирди. Түркиянын Анадолу кабар агенттигинин маалыматына караганда, Гүл күрддөрдүн мунайга бай Киркукта кожойундук кылуусу Иракта жана Түркияда отурукташкан күрддөрдүн сепаратисттик маанайын күчөтөт, деп айтты. Гүл менен Пауэл Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясында көзмө-көз сүйлөшүштү. Ушул айдын башында Түркия: "эгерде АКШ этник түркмөндөр отурукташкан чөлкөмгө чабуул жасаганын токтотпосо, АКШ менен Ирак маселелери боюнча кызматташканын толук токтотом", - деп эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG