Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

ОРУСИЯДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИ ЖАНА ТЕРРОРЧУЛУКТАН САКТАНУУ


Нарын АЙЫП, Прага 24-сентябрда Маскөөдө маалымат каражаттарынын биринчи дүйнөлүк конгресси өткөрүлдү жана ага президент Владимир Путин келип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Путиндин айтымында, журналисттер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, террорчуларга кокусунан көмөктөшүп жибербөөдөн сак болууга тийиш. Ошол эле күнү Орусиянын Сыналгы академиясынын кээ бир мүчөлөрү "Сыналгыдагы сөз эркиндиги үчүн" деген декларацияга кол коюшту.

Орусиянын "Итар-Тасс" агенттигинин жүз жылдыгы менен байланыштуу Маскөөдө өткөрүлгөн конгресске дүйнөнүн жүзгө жакын мамлекетинин 115 маалымат агенттигинин өкүлдөрү катышты. Анын акырында журналисттер менен президент Владимир Путин жолугуп, көптөгөн эл аралык маселелер жана журналисттердин милдети тууралуу сүйлөдү. "Коммерсант" гезити 25-сентябрда жазып чыкканга караганда, жүрналисттер кантип иштеп, эмне жөнүндө жазыш керек экенин Путин журналисттердин өзүнөн жакшы билген сыяктуу болду.

Путиндин айтымында, кээ бир чет өлкөлүк маалымат каражаттары Орусиядагы окуяларды чагылдырганда кош-стандарттулукту көрсөтүүдө. Мисал үчүн, Беслан окуясы тууралуу кабар бергенде, миңден ашык адамды барымтага алып, алардын кээ бирлерин өлтүргөндөрдү батыш маалымат каражаттары "террорчу" деп атагандан качты. Ошондуктан мындай маселелерде бардык журналисттердин бирдиктүү болгону жакшы жана алар бирдей терминдерди колдонууга тийиш:

- Террорчу дегендер - террор колдонгондор. А террор деген эмне? Ал саясий каршылаштарды күч колдонуу менен басуу. Англис, француз, орус сөздүктөрүнүн баары бул терминди ушундай түшүндүрөт.

Бирок күч колдонуу аракеттеринин баарын террорчулук деп атаса, Орусиянын чечендерге каршы аскер жибергенин дагы террорчулук деп түшүнсө болот. Ал тууралуу айткан орусиялык бир топ журналисттер жана маалымат каражаттары Путиндин учурунда катуу куугунтукталды.

Путиндин айтымында, террорчулар маалымат каражаттарынын кызматынан да пайдаланууда, ошондуктан журналисттер өтө жоопкерчиликтүү болуп, өз кабарлары менен террорчуларга кокусунан болсо дагы көмөк көрсөтүп жибербөө үчүн сак болууга тийиш:

- Террорчулукка каршы күрөш сөз эркиндигин чектебеш керек. Бирок журналисттер өздөрү маалымат каражаттарын террорчулукка каршы күрөштүн күчтүү аспабына айланта ала турган жумуш ыкмасын иштеп чыгууга тийиш. Андай ыкма менен иштегенде, террорчуларга кокусунан дагы жардам тийбей тургандай болуш керек.

"Коммерсанттын" жазганына караганда эгер кимдир бирөөгө кокусунан жардам тийип кетпесин деп иштесе, журналисттер журналист болбой калышы мүмкүн.

Путин өз сөзүндө Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү, ЮКОС компаниясынын айлансындагы чатак, Бесландагы трагедиядан кийин Орусияда башталган реформалар жана көптөгөн башка маселелер жөнүндө айтты. Анын пикиринде, Вашингтон жана Европа Биримдиги ал реформаларды демократия менен сөз эркиндигин чектөө деп сынга алды, бирок АКШ жана Батыш өлкөлөрү өздөрү 11-сентябрдан кийин коопсуздук системаларын башынан аягына чейин кайра куруп чыкты. Анткен менен губернаторлорду шайлоо системасын өзгөртүүнүн коопсуздукту чыңдоого кандай тийешеси бар экени тууралуу Путин кеп кылган жок.

Ошол эле 24-сентябрда Орусиянын Сыналгы академиясы журналисттер жана маалымат каражаттарына өзүнүн кезектеги "ТЭФИ" сыйлыгын берди жана ал сыйлыкка саясий себептерден жабылып калган кээ бир программалар да татыды. Академиянын бир топ мүчөсү болсо атайын декларация даярдап, анда - орус сыналгысында сөз эркиндиги улам барган сайын чектелип, журналисттердин иши мамлекеттик пропагандага айланып баратат деп жазып чыкты. Бирок ага 134 академиктин жыйырма сегизи гана кол койду, ошондуктан декларация жалпы жыйында окулган жок. Бул дагы Орусиядагы сөз эркиндиги кандай абалда экенин көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG