Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

КАВКАЗ: ТАРЫХЫЙ ЫНТЫМАК ЖАНА ЖИКТЕЛҮҮ


Эми Түндүк Кавказдагы калктардын тарыхы жана салты тууралуу баянга кезек берели. Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы каргашалуу окуя жалпы эле Кавказ аймагындагы кырдаал дагы эле туруксуз экенин айгинеледи. Согуш аракеттеринин чеги көрүнбөгөнсүгөн Чеченстанда гана эмес, ага коңшу аймактарда да айрым улуттардын ортосунда өз ара ишенбөөчүлүктүн жышаанасы байкалды. Дегиңкиси, аймактагы тили да, дини да ар түркүн болгон элдердин бир нече кылым мурдагы тарыхы да азыркы доорго олуттуу из калтырган сыяктанат. Эмесе, Түндүк Кавказ көйгөйлөрүнө арналган түрмөктүн алгачкы берүүсүнө назар салыңыздар.

Бесландагы алаамат шаардагы энелердин гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү коомчулуктун да жүрөгүн канаткансыды. «Бесландык эненин көз жашы эч бир элде, эч бир жерде кайталанбасын!» деген ураан астында көптөгөн өлкөлөрдө жыйындар болду, бейкүнөө өмүрүнөн ажырагандарды «периште» деп аташып, көптөгөн диний жайларда алардын арбагына багышталган сыйынуу жөрөлгөлөрү уюштурулду.

Ал эми өзүн Дзутцев деп тааныштырган бесландык осетин тургун бул барымта окуясына баа берип, аны уюштургандарды улуттар аралык ынтымакты ыдыратууну самап жатышат деп жектеди:

- Айрым кылмыштуу топтор бул алааматтуу окуядан пайдаланып, осетин элин бөлүп жаргысы келет жана бүткүл Түндүк Кавказ элдеринин арасында бири-бирин жек көрүүчүлүк сезиминин үрөнүн сепкиси келет. Биз алардын мүдөөсүнө жол койбоого тийишпиз. Бул - өтө маанилүү.

Бир эле аймакты жердеген ар кыл улуттагы калктар бири-бири менен уруш жүргүзгөн учурлар азыр да аз эмес, көөнө тарыхта болсо мындай окуялар «уялабаган» барактар дээрлик жокко эсе.

Бирок адамзатты алга өнүктүргөн учурлар – уруштар жана тирешүүлөр эмес, дал ошондой кагылышуулардан арылгандан кийинки бейпил жана ынтымактуу турмуштун кезеңдери эмеспи.

Бесланда да, жалпы эле Түндүк Кавказда да барымтачылык алааматынан кийин улуттар аралык ынтымакты сактап калуу башкы көйгөй болуп калды. Орусиялык булактар «барымтачылардын айрымдары ингуштар экен» деген маалымат таркатканда коңшу ингуш жана осетин элдеринин ортосунда жаңжал чыгып кетпесе экен деген санааркоо күч алды.

«Нана Латта» («Ата мекеним») деп аталган ингуш ырын уккан чыгаарсыздар. Мындай ырды аймакта канча тилде ырдашат дейсиз? Чакан Түндүк Кавказ аймагындагы азганактай калайык элүүдөн ашуун тилде сүйлөөрүн эскере кетели.

Бул элдер 1920-жылдардын башында Совет өкүмү астында калганга чейинки узун тарыхында нечендеген уруштарды баштан кечирген. Байыркы гректер, римдиктер, перстер, византиялыктар, хазарлар, арабдар, чыгыш түрктөр, монголдор, осмон түрктөрү басып келген; деги койчу, ири мамлекет курган нечендеген падышалар бул жерге көзүн арткан.

18-кылымдан тартып бул жерди каратуу үчүн алпуруша баштаган орус падышалыгы менен байланыштуу да уламдан-улам согуш оту алоолонуп турган. Албетте, саны аз болгон менен, жергиликтүү калк сырткы душмандарга каршы айыгыша күрөшүп келгени тарыхта дурус маалым.

Кавказ аймагы боюнча адистердин бири Мэри Беннигсен-Броксуп (Marie Bennigsen-Broxup) айым ушул тапта Лондондо "Central Asian Survey» журналын чыгарат. Ал орусиялык баскынчылардын келиши менен аймакта жаңы тарыхый доор башталган деп эсептейт:

- Тарыхый жактан алганда, Улуу Екатерина Экинчинин тушунда, 18-кылымдын этегинде Шейх Мансур жетектеген көтөрүлүш кийинки доорлорго терең из калтырган. Шейх Мансур – теги жагынан чечен болчу. Анын жетекчилиги астында алгачкы жолу Түндүк Кавказ элдеринин, негизинен, мусулмандардан турган биримдиги түзүлүп, бул ынтымак аймакка басып кирген орус аскерлерине каршы күрөшкөн. Дал ошол эле доордо осмон түрктөрүнө каршы күрөшкөн Грузия Орусиянын тарабын туткан. Ошентип, аймактагы мусулман жана ортодокс христиан диндерин туткан калктардын арасында алгачкы жолу жик кеткенин көрөбүз.

Акыры Шейх Мансурдун көтөрүлүшү кандуу басылып, анын өзү Орусиянын айтылуу Шлисселбург абагына салынган болчу.

Шейх Мансурдун кыймылынан бир нече ондогон жылдардан кийин авар улутундагы сопу молдо, айтылуу Имам Шамил бүткүл Түндүк Кавказды ондогон жылдар бою титиреткен жаңы көтөрүлүштү баштаган. Айтылуу Расул Гамзатов “Менин Дагестаным” китебинде даңазалаган Имам Шамилдин тоолук жоокерлери үчүн Шамилдин доорунда чыккан сопулук (суфийлик) ыр-күүлөр күчкө-күч, демге дем кошкон мүрөк суудай болгон.

Чейрек кылымдык айыгышкан уруштан кийин гана Имам Шамилдин боштондук күрөшү жеңилүүгө учурайт. Ал өзү орусиялыктардын сый туткунуна айланат. Кийинки доорлордо да Шамил жалпы аймактагы калктар үчүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган боштондук күрөшүнүн символу болуп турду. Азыр да чечен жикчилери гана эмес, башка орусиячыл кавказдыктар да бул авар молдонун элесин сый-урмат менен эскерип келет.
XS
SM
MD
LG